Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:22

Ош аймагындагы чукул кырдаалдар маселеси облустук коллегияда талкууланды


ОШ. Ош аймагындагы чукул кырдаалдар маселесин облустук коллегия бейшемби күнкү отурумунда талкуулады. 2002-жылы Ош облусу боюнча жер көчкү, жер титирөө, эпидемия сыяктуу 10 чукул кырдаал каттоого алынган. Алайдагы жер көчкүлөр алардын эң көйгөйлүүсү болуп, андан 202 үй-бүлө, же миңден ашуун адам короо-жайсыз калган. Мамлекеттин жана элдин колдоосу менен алар үчүн Алай районунда 93, Ош шаарында 29, Бишкек шаарында 13, Карасуу районунда 5, Жалалабадда 1 үй курулган жана сатылып алынган.
Чукул кырдаалдар боюнча адистердин маалыматына караганда, 2003-жылга карата Ош облусунда коркунуч туудурган 20 жер бар. Биринчи кезекте жазгы суу ташкындарынын алдын алыш керек, андан тышкары 1040 үй-бүлөнү кооптуу жерлерден көчүрүү милдети турат. 12 млн. сомго жакын узак мөөнөттүк ссуда таратуу, Каракулжа-Алайкуу жолун калыбына келтирүү, толук ремонттон өткөрүү да негизги маселелерден экендиги коллегияда баса белгиленди.

XS
SM
MD
LG