Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:54

Бейөкмөт уюмдар коалициясынын жетекчиси аскердик ооруканага текшерүүгө жаткырылды


БИШКЕК. Бишкектин Ленин райондук аскер комиссариаты «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын президенти Эдил Байсаловду чакыртып, анын ден-соолугун текшертиш үчүн Бишкектин Аламүдүн районундагы аскердик ооруканага күч менен алып кетти. Бул тууралуу жума күнү «Азаттыктын» кабарчысына Эдил Байсалов өзү билдирди. Анын айтымында, буга чейин Кыргызстандын Коргоо министрлигинен түзүлгөн атайын комиссия анын ден-соолугун текшерип, көз оорусуна байланыштуу «армияда кызмат өтөөгө жараксыз» деп чечим чыгарган. «Ошого карабай бийликтин мени күч менен ден-соолугумду текшериш үчүн ооруканага жаткыруу аракетин жеке адамдын укугун бузуу катары баалайм» деп кошумчалады Эдил Байсалов.
Ушул эле күнү аталган уюм билдирүү таратты. Анда «аткаруу бийлигинин мындай аракети Эдил Байсаловду жума күнү Бишкекте өткөн «Фридом Хауз» фонду уюштурган тегерек үстөлдө, өлкөдөгү адам укуктарынын бузулушуна байланыштуу сөз сүйлөтпөш үчүн уюштурулду» деп айтылат.

XS
SM
MD
LG