Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:37

Өзбек-кыргыз чек араларына коюлган миналарды алуу тууралуу Кыргызстандын сунушун Өзбекстан четке какты


БИШКЕК. Кыргызстандын тышкы иштер министринин эки өлкөнүн чек арасына Өзбекстан көмгөн миналарды тазалоо жана мина коюлган жерлердин картасын берүү тууралуу нотасына Өзбекстандын жетекчилиги макулдук берген жок. Бул тууралуу Өзбекстандын тышкы иштер министринин басма сөз катчысы Кадыр Юсупов «Би-Би-Си» радиосунун Ташкендеги кабарчысына билдирген. Бирок мындай маалыматты Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы жана бул мекеменин Өзбекстан менен иштеген кызматкери Чынгыз Эгембердиев ырасташкан жок. Алардын айтымында, азырынча министрликке Өзбекстан тараптын андай билдирүүсү келе элек. 26-февралда Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматов Баткен облусунун Чоңкара айлына жакын жерде өзбек тарап көмгөн минадан 23-февралда кыргызстандык жаран каза болгондугуна байланыштуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигине нааразылык нотасын жиберген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG