Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:03

Конституциялык Сот кыргыз-кытай чек ара маселеси боюнча доогерлердин арызын канааттандырган жок


БИШКЕК. Жума күнү Кыргызстандын Конституциялык Соту Мыйзам чыгаруу жыйынынын 11 депутатынын кыргыз-кытай чек арасы тууралуу доо арызын канааттандырбоо тууралуу өкүм чыгарды. Конституциялык Сот өз өкүмүн «аталган маселе Жогорку Кеңештин кош палатасында мыйзамдуу ратификацияланган» деп негиздеди. Конституциялык Соттун судьяларынын чечимине караганда, 1996-1999-жылдардагы кыргыз-кытай чек ара келишимдеринин негизинде эки өлкөнүн ортосундагы буга чейинки талаш жерлер аныкталган, демек Кыргызстандын чек арасы өзгөрүлгөн жок. Андыктан Конституциянын 64-беренесине ылайык, аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке «чек араны өзгөртүү» эмес, жөн гана «Кыргыз-кытай чек ара келишими» деген ат менен туура сунушталып, парламент тарабынан мыйзамдуу ратификацияланган.
Мыйзам чыгаруу жыйынынын 11 депутаты 2002-жылдын май айында «1996-1999-жылдардагы кыргыз-кытай чек ара келишимдери Жогорку Кеңештин кош палатасында мыйзамсыз ратификацияланган» деп Конституциялык Сотко арыз жолдошкон.
Конституциялык Соттун мындай чечимине карата кыргыз саясатчылары түрдүү пикир айтышууда. Маселен, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаровдун айтымында, Конституциялык Сот жогорку бийлик жетекчилерине көз каранды экендигин коомчулук алдында дагы бир жолу далилдеди жана буга чейинки өлкөнүн башка бийлик бутактарынын кетирген кемчиликтерин оңдоо мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарды.
Ал эми биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов Конституциялык Соттун бул чечимин «саясий жана укуктук жактан караганда да абдан туура чечим болду» деп баалады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG