Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:13

Ооган коргонуу министри Мохамед Фахим улуттук армияны түзүү маселелерин АКШнын жетекчилиги менен талкуулап жатат


КАБУЛ. Ооган коргонуу министрлигинин өкүлү министр Вашингтонго АКШлык кесиптеши Дональд Рамсфелддин чакыруусу боюнча кеткенин жана визит 6 күнгө созула турганын билдирет. Ооганстан өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу максаты менен улуттук армияны түзүүгө аракеттенип жатат. Кечээ Вашингтондо өлкөнүн президенти Хамид Карзай АКШнын президенти Жорж Буш менен жолугушуп, өлкөдө коопсуздуктун жоктугу - негизги проблема бойдон калып жатканын билдирди. Карзай ушул күнгө чейин өлкөнүн армиясына тартылган 3000 киши тийешелүү аскердик даярдыктан өткөндүгүн белгиледи. Ооганстан кеминде 70 миң жоокерден турган армияны түзүүнү пландаштырууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG