Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:42

Түштүк Корея Пхеньян атомдук реакторун кайрадан ишке киргизгенине байланыштуу кабатырлануусун билдирди


СЕУЛ. Түштүк Кореянын тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө бул аракет Корей жарым аралында туруктуу тынчтыктын орношуна салым кошпой тургандыгы белгиленип, Түндүк Корея муну менен ядролук куралдарды таркатпоо боюнча эл аралык аракеттерге кедерги болуп болуп жатканы айтылат. Мындан мурда АКШ менен Япония 1994-жылдан бери токтоп турган реактор кайрадан ишке киргизилгенин билдиришкен эле. АКШнын чалгындоо кызматы Йең Беңдеги атомдук реактордун муздаткычынан буу чыгып жатканын байкаган.
Анын аралыгында бүгүн Бээжинде Орусиянын тышкы иштер министри Игорь Иванов Орусия менен Кытай Корей жарым аралын ядролук куралдардан эркин мейкиндик кылуу үчүн чогуу аракеттене турганын, бирок бул проблеманы чечүүдө АКШ менен Түндүк Кореянын өз ара диалогу өтө маанилүү экенин белгиледи.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG