Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:16

Пакистандын президенти Первез Мушарраф бүгүн Ирактын жана АКШнын өкүлдөрү менен өз өзүнчө жолугушууда


ИСЛАМАБАД. АКШнын Исламабаддагы элчилигинин маалымдашынча, Мушарраф Кошмо Штаттардын Түштүк Азия маселелери боюнча жооптуу кызматкери Кристина Росса менен жолугуша турганын билдирет. Өкүл Россанын Пакистан жетекчилигинин өкүлдөрү менен кечээ болгон сүйлөшүүлөрүнүн мазмуну жөнүндө билдирген жок. Пакистандын тышкы иштер министрлиги Мушарраф бүгүн Ирактын басма сөз министри Мухаммед Саид ал-Сахаф менен жолугуша турганын билдирет. Пакистан азыр Коопсуздук кеңешинин ротациялык ыкма менен дайындалган 10 мүчөсүнүн бири. Марттын башында кеңеш Иракты куралсыздандыруу боюнча резолюциянын долбору боюнча добуш берет. Министрликтин өкүлү Пакистан кандай добуш бере турганын али чече элек экенин билдирет.

XS
SM
MD
LG