Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:29

ЧЕХИЯНЫН ПРЕЗИДЕНТИ БОЛУП ВАЦЛАВ КЛАУС ШАЙЛАНДЫ


Нарын АЙЫП, Прага 28-февралда Чехиянын жаңы президенти болуп бир кездеги премьер-министр Вацлав Клаус шайланды. Эксперттердин айтымында, Клаус жеңишке - чех өкмөтүн көзөмөлдөгөн мурдагы коммунисттер, азыркы социал-демократтардын арасында биримдик болбогон үчүн гана жетишти.

Чех президенти парламенттин эки палатасынын биргелешкен жыйынында шайланат. 28-февралдагы жыйынга ылдыйкы палатанын 200 жана сенаттын 81 депутаты катышты. Бир гана адам добуш бербей калыс калды жана Вацлав Клаусту 142 адам колдоп, талаптуу 50 пайыз добуштан ал бир гана ашык добуш алып президенттикке жетти. Чех өкмөтүн 1997-жылдан бери социал-демократтар деп аталган мурдагы коммунисттер жетектейт. 200-орундуу ылдыйкы палатада алар 101 орунду ээлейт, ошондуктан, шайлоодо алардын талапкеринин утулганы - бийликтеги партиянын өкүлдөрү оппозициялык кандидатты колдогонун көрсөтөт.

Былтыр өткөн парламенттик шайлоодо социал-демократтар мурдагыдай көпчүлүк орунга жете албай калгандыктан, Милош Земан партиядагы төрагалык орундан да, премьер-министрлик кызматтан да кеткен. Бирок анын ордуна келген Владимир Шпидла партиянын бардык мүчөлөрүнүн колдоосуна ээ боло албай жүрөт.

Президенттик шайлоодо болсо социал-демократтардын талапкерлери биринчи айлампаларда эле күрөштөн чыгып калып жатты. 1989-жылдан бери Чехословакия жана андан соң Чехиянын президенти болгон Вацлав Гавел февралдын экисинде мөөнөтү аяктап, кызматтан кетти жана анын мураскорун тандоо үчүн Чехияда үч президенттик шайлоо өткөрүлдү. 15-январдагы биринчи шайлоо учурунда үч жолу добуш берилди. Социал-демократтардын талапкери Ярослав Бурес биринчи эле айлампада шайлоодон ыргып кетти, экинчи жана үчүнчү айлампага чыккан Вацлав Клаус менен сенат спикери Петр Питхарт жетиштүү добуш чогулта алышкан жок.

24-январда өткөрүлгөн экинчи шайлоого Милош Земан өзү катышты, бирок ал дагы биринчи айлампада эле күрөштөн чыгып калды, экинчи жана үчүнчү айлампада болсо ошол эле Вацлав Клаус менен сенатор Ярослава Мозерова атаандашып, эч кимиси кайрадан жетиштүү добуш чогулта алган жок. 28-февралда өткөрүлгөн үчүнчи шайлоодо дагы үч жолу добуш берүү уюштурулду жана анын үчүнчү гана айлампасында бир добуш артыкчылык менен президент болуп Клаус шайланды.

Анын атаандашы, бир кездеги билим берүү министри Ян Сокол мурда коммунисттерди катуу сындап келген, ошондуктан социал-демократтар аны колдобогону түшүнүктүү. Клаустун деле коммунисттер менен мамилеси эч качан өтө жакшы болгон эмес, бирок, кээ бир эксперттердин айтымында, социал-демократтарга ал эмне убада кылганы эми бир-эки жылда гана ачыкка чыгат. Саясат таанучу Павел Сарадиндин пикиринде болсо Клаустун президент болгону - чех демократиясынын утулушу, анткени бир жылдын ичинде эле ал өзүнүн чыныгы жүзүн көрсөтөт.

Добуш берүү аяктагандан кийин Клаус - шайлоо өнөктүгү учурундагы өзүнүн бардык убадаларын аткара тургандыгын билдирди: "Бул жогорку кызмат канчалык маанилүү экенин мен жакшы түшүнгөнүмдү бардык чех жарандарына билдирип койгум келет, мен он миллион чех жаранынын эч кимисинин көңүлүн калтырбайм. Мен силердин ар бириңди ишендиргим келет - биринчи, экинчи жана үчүнчү шайлоо учурунда айтылган бир да сөзүмдү мен унутпайм, алар эртең да, бүрсүгүнү да, мындан беш жылдан кийин дагы өз маанисин жоготпойт".

Клаус 61 жашта, Прагады Экономика жогорку мектебин 1963-жылы аяктагандан кийин, аспирантурада Италияда, андан соң АКШда окуган. 1989-1992-жылдары Чехиянын каржы министри, андан соң 1992-жылдан 1998-жылга чейин премьер-министр болгон. 1992-жылы бирок, Чехословакиянын эки мамлекетке бөлүнүшүн колдогон жана ал жараянга катуу таасир тийгизген. Президент Вацлав Гавел болсо аны менен байланыштуу өз кызматынан чегинип да кеткен. 1993-жылы Клаус - экономикалык реформалар ийгиликтүү аяктады деп жарыялаган, бирок 1997-жылы - өкмөттүк иште ал орчундуу ката кетиргенин мойнуна алып, өлкөнүн банктарында жана анын өзүнүн партиясында бир нече чатак чыкканда, 1998-жылдын январ айында кызматынан кетүүгө аргасыз болгон. Бирок андан соң депутат болуп шайланып, парламенттин ылдыйкы палатасын жетектеп келген.
XS
SM
MD
LG