Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:12

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАРДЫН САНЫ КӨП, ТААСИРИ АЗ


Өткөн айда жаш социологдор тобу Кыргызстандагы саясий партиялардын азыркы ишмердүүлүгүн талдап чыгышкан. Жыйынтыгында саясий партиялардын саны көп болгону менен, таасири аз деген тыянакка келишкен.

«Келечек долбоору» саясий иликтөөлөр фонду көмөктөшүп жүргүзгөн социологиялык талдоо жыйынтыгында Кыргызстанда көп партиялуулук системасы бар экендиги ырасталып, бирок алардын коомдук турмушка таасир көрсөтө албастыгы белгиленди. Негизинен жетекчилери аркылуу аты чыккан партиялар адатта президент, өкмөттүн ишине же олуттуу саясий окуяларга байланыштуу билдирүү, кайрылууларды таратуу менен чектелишет. «Арнамыс» партиясынын штаб башчысы Эмил Алиев партиялар күчсүз деген пикирге макул эмес. Анын оюнча, социологиялык иликтөөнүн айрым жыйынтыктары чындыкка дал келет:

- Партиялардын күчү болгон үчүн элдер көңүл буруп, кирип атпайбы. Партиялардын күчү бар үчүн бийлик (ыңгайсыз) партияларды (президенттик, парламенттик-авт.) шайлоодон чыгарып салган.

Экспресс-талдоо каттоодо турган 41 партиянын 23 партия жетекчиси сурамжылоого тартылган. Калгандарынын иликтөөгө кирбей калышына көпчүлүк партиялардын кеңселеринин жоктугу, облустарда жайгашуусу, жаңы каттоодон өткөндүгү жана иликтөө кыска убакта өтүшү себеп болгон.

Ошондон партиялардын коомдогу ордун жана идеологиялык белгилерин аныктоо максатында 21 партия сурамжыланган. Алардын үчөө солчул, үчөө солчул-чордончул, тогузу чордончул, экөө оңчул-чордончул жана төртөө оңчул көз карашта болуп чыгышкан.

Чордончулдардын катарында Тойчубек Касымовдун «Адилет», Амангелди Муралиевдин «Биримдик», Дооронбек Садырбаевдин «Кайран эл», Акбөкөн Таштанбековдун «Ооганчылар», Жеңишбек Тентиевдин «Элдик партиясы», Накен Касиевдин жаңы түзүлгөн «Элет» жана Токтокан Боронбаеванын «Эл мурас» партиялары бар.

Оңчул партияларга Топчубек Тургуналиевдин «Эркиндик», Феликс Куловдун «Арнамыс», Жоомарт Оторбаевдин «Менин өлкөм», Токон Шайлиеванын «Кыргызстан аялдарынын демократиялык» партиясы кирет. Азимбек Бекназаровдун «Асаба» партиясы өзүн улуттук-реформачыл деп атап, жогорудагы багыттардын бирине да ыктабайт.

Чордончулдар өздөрүн идеологиясы, программасы, көпчүлүк арасында колдоосу күчтүү партиялар катары көрсөтүү аракетин жасашат. 66 миң 58 мүчөсү бар «Адилет» партиясы өзүн массалык партия деп эсептейт. Болотбек Мариповдун оңчул-чордончул «Эл үнү» партиясынын 200 мүчөсү бар.

Партиялар ичинде баштапкы уюмдар аркылуу иш жүргүзүүгө умтулгандар аз. Көпчүлүгү өздөрүн парламенттик, президенттик шайлоо компанияларына катышуу жолу менен таанытуу, мамлекеттик бийликке жетүү аракетин жасашат. 2000-жылкы парламенттик шайлоодо пропорционалдык система боюнча беш пайыздык чектен алты партия өткөн. Азыр Жогорку Кеңештеги 15 партиялык орунду «Кыргызстан коммунисттер», «Социал-демократтар», «Кыргызстан аялдарынын демократиялык», «Ооганчылар» жана «Менин өлкөм» партиялары ээлеп турушат. Бирок, мындай кадамдарды лидерлерден гана турган көп сандаган партиялар шайлоонун мажоритардык тартибин аныктаган жаңы Конституциянын алкагында жасай алышпайт.

Социологиялык иликтөө тобу саясатчыларга демократиялык коомду түзүүгө кудуреттүү, күчтүү партиялык системаны түзүү үчүн башка өлкөлөрдүн тажрыйбаларын эске алууну сунуштаган. Маселен, Орусия, Казакстан, Армения өңдүү өлкөлөрдүн мыйзамдарында беш миңден кем эмес мүчөсү, аймактарда бөлүмдөрү бар, партияларды гана каттоо, акыркы эки шайлоого катышпаган партияны жоюу өңдүү жоболор бар.

«Келечек долбоору» фондунун төрагасы Ишенбай Абдуразаковдун билдиришинче, аталган талдоо саясий партиялардын ишмердүүлүгүн иликтөө багытындагы биринчи кадам, алдыда дагы олуттуу милдеттер бар:

- Азыркы анализ - булардын (лидерлердин) айткандары, декларациясы. Алардын айткандарынын обьективдүүлүгү канчалык? Бул суроого иликтөөнүн кийинки жүрүшүндө жооп берилет.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG