ТАЙПЕЙ. Поезд туристтердин эс алуу жайы Алишан тоо чокусунун алдындагы капчыгайда көпүрөдөн өтүп баратып, кулап кеткен. Поезддин вагондорунун бирөө - капчыгайга, ал эми экөө - темир жолду бойлой өткөн кара жолго кулаган. Жарадар болгон жүргүнчүлөрдү капчыгайдан алып чыгып бараткан тик учактардын бирөө кыйрап калгандыгы маалымдалат. Ал кырсыктан эч ким өлгөн жок.