Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:11

ЭСТРАДА МУЗЫКАЧЫСЫ РАФАЭЛ САРЛЫКОВ МЕНЕН МАЕК (Кыргыз эстрадасынын проблемалары тууралуу ачык кеп)


Жапаров Аманбек Дилденбай, Бишкек Эстрада жанрында обондуу ырлардын музыкасын кайрадан иштеп чыгып, ар түрдүү кайрыктарды, мукам добуштарды кошуп кооздоп жазган музыканттарды «аранжировщик» деп коюшат. Мына ошондой белгилүү «калыпка салуучулардын» бири Рафаэл Сарлыков.

Анын тарбиясын алган Жылдыз Осмоналиева, Султан Каримов, Айчүрөк Иманалиева, Асел Кыдыкова жана башка кыргыз эстрада ырчылары калк арасында белгилүү.

Рафаэл Сарлыков чыгармачылык чыйырын Сокулук районуна караштуу Шопоков шаарчасында орто мектепте окуп жүргөндө эле баштаган. Өздүк көркөм чыгармачылыгына катышып гитарада ойноп, ар улуттун ырларын ырдап чыгат. 1976-жылы Бүбүсайра Бейшеналиева атындагы искусство институтунун оркестр дирижеру бөлүмүн бүтүрөт. Рафаэл мырза «Милдети намыс Атамекен», «Сага», «Көк бөрүчү», «Кайыр кош» аттуу ырлардын автору. Ал чыгармачылыктагы 25 жылдан ашуун мезгилде жетимишке жакын обондуу ырлардын музыкасын кайрадан иштеп чыгып, кыргыз эстрадасына салымын кошуп келет.

Рафаэл Сарлыков элдик мүнөздөгү фольклордук ырлардын музыкасын иштеп чыгып экинчи өмүр берди. Ал ырлар жеке эле кыргыз жергесинде жаңырбастан, чет жерлерден да өз угармандарын тапты.

- Рафаэл мырза, Кыргызстанда эстрада жаатында саналуу гана «аранжировщик» музыканттар бар эмеспи? Ал эми эл аралык кароо- сынактарда силердин чыгармачылыкты кандай баалашат?

- Кыргызстандык Александр Юртаев алматылык киночулар менен иштешип жүрөт, аларга музыка жазып берип, элдик ырларды кайрадан иштеп чыгып, чыгармачылык тыгыз байланышта. Ал ошондой эле Астана шаарында өтүүчү театрлаштырылган массалык майрамдык оюн-зоокторго да музыка жазып берип жүрөт. Анан Эрик Кадырбаев деген жигитибиз бар, анын иштеп чыккан музыкалары жана өзү жазган обондору менен эл аралык «Азия даусу», «Славян базары» сыяктуу кароо-сынактарга барып катышып ийгиликтерге жетишүүдө. Ал эми Болот Малаевдин иштеп чыккан ырлары да эл аралык фестивалдарга катышып мактоого татып жүрөт. Биздин музыканттардын профессионалдык деңгээли бөлөк эл, бөлөк жерде деле мактоого татырлык.

- Айтмакчы, Алматыда өтүүчү эл аралык эстрада ырчыларынын «Азия даусу» кароо-сынагына биринчи болуп эстрада ырчысы Жылдыз Осмоналиева катышты беле?

- Ооба, 1992-жылы Алматыда өткөн «Азия Даусу» эл аралык эстрада ырчыларынын кароо сынагында Жылдыз Осмоналиева катышып эстрада жанры боюнча кыргыз маданият тарыхында биринчи болуп дипломант болгон. Анын профессионалдык деңгээли башка ырчыларга салыштырмалуу кыйла жогору турат.

- Рафаэл мырза, сиз Светлана Назаренко аттуу ырчы кыз менен узак убакыт чыгармачылык байланышта болуп, аны эл аралык деңгээлге алып чыктыңыз эле.

- Чынында Светлананын профессионалдык сахнада калыптанып, өсүшүнө көп көмөк көрсөттүм.1993-жылы Ялтада өткөн эл аралык фестивалда мен иштеп чыккан ырлар менен катышып чоң ийгиликтерге жетишти. Андан соң КМШ эстрада чеберлеринин эл аралык «Славян базары» кароо-сынагына,1996-жылы «Золотой шлягер» конкурсуна катышып дипломант болгон. Ал азыр Москва шаарында өзүнүн «Город-312» эстрадалык ансамбли менен иштеп жүрөт. Кабарлашып турабыз.

- Кыргызстанда эстрадалык жанрдагы кайсы стилдер көбүрөөк колдонулат?

- Азыр дүйнөдө кайсы эстрадалык жаңы стилдер болсо ошол жанрда иштөөгө аракет кылып жатабыз. Айрым үнү пас ырчылар «рэп» ырдаганды каалашат. Ошондой эле «поп», «фюжин», «фольф», «жазз» жанрында иштеп жаткан музыканттар, ырчылар, эстрадалык топтор бар. Бирок баарынын эле профессионалдык деңгээли бирдей эмес.
XS
SM
MD
LG