Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:18

"Ал-Кайида" террордук уюмундагы жетекчилердин бири Халид Шейх Мохаммед Пакистанда камакка алынды. Аны колго түшүрүү операциясын Пакистандын жана АКШнын атайын кызматтары биргелешип жүргүзгөн. 2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук чабуулдарды уюштургандардын бири деп эсептелген Халид Шейх Мохаммеддин камакка алынышын америкалык расмий өкүлдөр "ал-Кайидага " каршы күрөштөгү ири жетишкендик катары баалашууда.

Америкалык тараптын эсебинде, Халид Шейх Мохаммед - "ал-Кайида" уюмунда кызматтык даражасы жагынан Усама бин Ладен жана Айман ал-Завахириден кийин эле үчүнчү тепкичте турган адам. Шейх Мохаммедди 2001-жылдын 11-сентябрындагы чабуулдары гана эмес, андан мурун жана кийин пландалган бир нече террордук актылар үчүнда жоопкер деп эсептеген АКШнын өкмөтү кезинде анын камакка алынышына жардам кылуучу маалымат бергендерге 25 миллион доллар сыйлык ыйгарыларын жарыялаган. Эми башкы «ал-кайидачылардын» бири Пакистандын борбору Исламабаддан анча алыс эмес жердеги Равалпинди шаарынан камакка алынып олтурат. Аны менен бирге дагы эки адамды колго түшүрүү операциясын АКШнын Федералдык тергөө бюросунун кызматкерлери жана Пакистандын атайын кызматтары бирге ишке ашырышкан. Пакистандын полициясынын маалыматына караганда, жергиликтүү исламчыл активисттердин биринин үйүндө отурган «ал-кайидачыларды» камоо операциясы ок атышуусуз, тынч аяктаган.

Халид Шейх Мохаммед 11-сентябрдагы террордук чабуулдарды пландаган жана уюштурган адам экенин америкалык тергөөчүлөргө берген сурактарында анын табакташы, "ал-Кайида " уюмунун жетекчилеринин дагы бири Абу Зубайда да ырастаган. Абу Зубайданын өзү да былтыр Пакистанда кармалган эле. Кувейтте төрөлүп,1980 -жылдары АКШнын Түндүк Каролина штатында бир эмес, эки жогорку окуу жайдан билим алган Халид Шейх Мохаммед кийинчерээк ата –тегинин түпкү мекени - Пакистандын жарандыгына ээ болгон.

АКШнын атайын кызматтарынын болжолунда, Шейх Мохаммед кезинде советтик аскерлерге каршы согушкан ооган можахеддери менен байланышта турган. Нью-Йорктогу Дүйнөлүк соода борборун жардыруу үчүн 1993-жылы эле жасалган аракеттерге катышы бар. Себеби, бул иш боюнча камакка алынып, соттолгон Рамзи Юсеф аттуу адам - Шейх Мохаммеддин жакын тууганы.Мындан сырткары, АКШлык тергөөчүлөр ал Азия өлкөлөрүнөн Американы көздөй каттаган ондон ашуун жүргүнчү учакты жардырууну пландаган деп эсептейт. Шейх Мохаммеддин ысымы 2002-жылдын жазында Тунистин туристтик Жерба аралындагы жөөт синагогасында орун алган жардыруу менен да байланыштырылууда. Бул жардыруу учурунда көбүнесе немец туристтери мерт болгон эле. Германиялык тергөөчүлөр ошол жардырууну жасагандыгы үчүн шектелген адам окуядан үч саат мурда Шейх Мохаммед менен телефон аркылуу баарлашканын аныкташкан .

"Ассошейтед Пресс" агенттиги билдиргендей, АКШнын атайын кызматтары Халид Шейх Мохаммедди 1996-жылы эле Катардан камоого ниеттенген экен. Бирок, андагы аракеттер ийгиликсиз аяктаган. Ошол жылдын ортосунда Катардын өкмөтү америкалык тарапка Шейх Мохаммеддин изин жоготуп койгонун кабарлаган болчу.

Айтор, Халид Шейх Мохаммеддин эми колго түшүрүлүшүн расмий Вашингтон да, Исламабад да "ал-Кайидага ", дегеле террорчулукка каршы күрөштөгү зор жетишкендик катары баалоодо. "Ал-Кайида" менен оогандардын Талибан кыймылынын байланышын анализдеген китептин автору, пакистандык журналист Ахмед Рашиддин болжолунда, Усама бин Ладен менен талибдердин жолбашчысы молдо Омордун дайынын бир болсо, ушул Шейх Мохаммед билиши мүмкүн.Шейх Мохаммед АКШ тарапка өткөрүлүп берилди жана суракка алуу үчүн Пакистандан сырткары чыгарылып кетти.Бирок, ал кайсыл жерде кармалып турганы азырынча ачык маалымдалган жок.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG