Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:51

Кыргыз коммунисттер менен социалисттердин идеологиясы динге коошпойт


Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу «Хизб-ут-тахрир» партиясы куугунтукка алынып, коммунисттер менен социалисттер партиясы ээн-эркин иш жүргүзүп атат, деген пикири туура эместигин Кыргызстан коммунисттери менен социалисттери айтышууда. Кыргызстандагы коммунисттер, Атамекен социалисттик, Кыргызстан социал-демократиялык партияларынын мүчөлөрү өздөрүн «Хизб-ут-тахрир» партиясы менен салыштырууга таптакыр каршы. Алар диний радикал уюм менен коммунисттик, социалисттик партиялардын идеологиясын салыштыруу негизсиз деп эсептешет. Кыргызстандын Конституциясында диний негизде саясий партияларды түзүүгө тыйуу салынган. Кыргызстан коммунисттер партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү, Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Орозбек Дуйшеевдин айтымында: «Биздин Башмыйзамда диний негизде партияларды түзүүгө жол берилбейт. «Хизб-ут-тахрир» партиясынын диний негизде өлкөнү башкаруу жөнүндөгү идеологиясы туура эмес. Коммунисттердин идеологиясы таптакыр башка идеология. Ошондуктан, коммунисттердин партиясын «Хизб-ут-тахрир» менен салыштыруу туура эмес».

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар Азиза Турдуева

XS
SM
MD
LG