Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:57

БАЙ АВТОРЛОР, БЕЛИМЧИ ИНТЕЛЛИГЕНЦИЯ, КАРДА КАЛГАН УМАЙ ЭНЕ


“В конце недели”, “Моя столица”, “Бишкек таймс” – 28.02.03.

Апта соңундагы өкмөттүк гезиттерге президент Акаев үй-бүлөсү менен бир жыл ичинде тапкан кирешесин жарыя кылды. «Мыйзам сыйлаган жаран, Конституциянын гаранты» деген аталышта ачыкка чыгарылган маалыматка ынансак, президент өткөн жылы жарым миллиондон ашуун сом иштеп тапкан. Аламүдүн районунда короо-жайы кенен жалпы аянты 331 чарчы метрди түзгөн үйү бар. Бишкек шаарынын ичиндеги азырынча курулушу бүтө элек үйү Кыргызстандын туңгуч президентинин китепканасына берилген. Президент 1995-жылы чыккан «Жип-Мерседес-Бенц» автомашинасына ээ. Өткөн жылы президент жубайы экөө калем акыны мол табышкан. Акаевдин «Демократиянын татаал жолу» деген китебинин калем акысы 1 миллион 385 миң сомго бираз жетпеген акчаны түзгөн. Майрам Акаеванын китептеринен түшкөн киреше 8 миллион сомдон ашкан.

«Слово Кыргызстана» басылмасынын «Апта аягында» - «В конце недели» тиркемесинде айтылуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Умай эне кар үстүндө калды» деген маеги жарыяланды. Европада элчилик кызматта жүргөн сөз чебери соңку жылдары китептери көп чыкпай, жазуучулук менен үй-бүлөнү багуу кыйын экендигине токтолгон. «Элчиликти таштап кетейин десем мага эч ким тоскоол боло албайт, - дейт Чыңгыз Айтматов.- Бирок турмуш, көртирлик деген бар. Мурда 3 миллион нускада чыкчу китептердин жарыбаган калем акысы менен бардар жашоого болот эле. Эми азыр беш-он миң нускада чыккан китепке ылайык калем акы төлөнөт. Адам көртирликтин камын көрүшү керек, колуңду карап үй-бүлөң турат».

«Кыргыз бийлиги менен тартип сактоо органдары өткөн жылкы саясий окуялардан алган сабагы өз элин коргошун ок менен атуу эмес экендигин түшүнгөндүгү болду»,- деп жазат Замир Өсөров «Моя столица» гезитинин жума күнкү санында жарыяланган «Демократия парадокстору» деген макаласында.

Сыртынан калбаат көрүнүп акылдуу сөздөрдү гана сүйлөгөн кишилер болот. «Алар жадагалса жол эрежесин да бузушпайт, - деп жазат Нарын Айып «Баарына кайыл интеллигенция» деген макаласында. - Бирок кыйын иш чыкса андайлардан жардам күтпөй койгон оң. Бир кишинин колунан эмне келер эле, мындай ишти жасабай койсо болмок, менин ага тиешем жок, деп окчун туруп алган кокуйгүн интеллигенттер болот». Кыргызстанда интеллигенттин баркы жок. Бийлик баш көтөргөндүн башына камчы ойнотуп, баарын күнкор кылып койгон. Сыйлыгын берип, сыйын көрсөтсө макул болуп отуруп берет. Тоодой кемчиликтин топудай ийгилигин айтып түгөтө албай, бийликте отургандарга кошомат кылып, алардан үмтөтүп жашоого көнгөндөр көп. Автордун айтымында, бийлик элден чогултуглан салыктын эсебинен жашайт, ошондуктан анын алдында кезек-кезек отчет берип турууга милдеттүү. Бийлик баарын башкарып, тескеп калганда жалаң салыкты эсинен чыгарып, өзү каалаганын жасай баштайт.

Бишкек шаарындагы «Аккеме» мейманканасынын айланасындагы талаш-тартыш дагы күчөй баштаганы Елена Скородумованын макаласында козголот. «Аккеме» жабык акционердик коомунун мурунку президенти Руслан Сарымсаковдун айтымында, азыр республика жетекчилеринин мыйзамсыз иш аракеттерин ооздуктап койчу Москва жок. Жалгыз үмүт Конституциялык сотто калды. Эгер ал адилет чечимин чыгарса, узакка созулган талашка чекит коюлмак, - деп белгилейт макала автору.

Орусия, Украина, Казакстан, Белорусия төртөө биригип, жаңы экономикалык мейкиндик түзүү аракетине киришкени, буга Кыргызстан кошулушу мүмкүнбү, деген суроонун айланасында «Бишкек таймс» гезитинин жума күнкү санында Нуралы Капаров ой жүгүрткөн. Автордун пикири боюнча, аталган бирикмеге кирүүгө куштар республикалар экономикалык жагынан кубаттуу өлкөлөр. Украина, Беларус жетекчилеринин Батыш өлкөлөрүнө жанашуу аракетинен майнап чыкпай калганда Орусияга ооп кетишти. Кыргызстан кабелтең өлкөлөрдүн катарына кирүүгө аракет жасайбы же жокпу – азырынча белгисиз.

Гезитте белгилүү илимпоз Абды Акбаевдин маеги жарыяланган. Анда илимпоз өзүн Нобель сыйлыгына талапкер катары көрсөткөнүн ачыкка чыгарат.
XS
SM
MD
LG