Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:11

Тирүү калканч болууну каалагандардын саны азайды


“Америкалык күчтөрдүн чабуулунда тирүү калканч болобуз” дешип Иракка барган европалык айрым тынчтыкты коргоочулар өз коопсуздугунан чочушуп артка кайтышууда.
Тынчтыкты коргоочулар тобунун өкүлү Кристиан Бригстин маалымдашынча өмүрүнө болгон коркунучка же финансылык коопсуздукка байланыштуу 10-дой адам артка жөнөп кетишкен.
Өткөн айда тирүү калканч болобуз дешип, Багадга Лондондон эки автобус тынчтыкты коргоочу келген. Бригстин сөзүнчө, Ирак бийликтери алардын өлкө ичинде жүрүүсүнө чектөө койгону да алардын өлкөнү калтырып кетүүсүнө кошумча болгон.
Вашингтон жөнөкөй адамдарды калканч иретинде пайдаланууну “согуш кылмышы” деп баалап, алардын коопсуздугуна кепилдик бер албасын эскерткен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG