Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:08

Түркиянын “арсар” позициясы


Түркияны башкаруучу партиянын жетекчилиги болжолдонуп жаткан Иракка каршы согушта АКШлык аскерлерди Түркияга жайгаштырууга өлкө парламентинин макулдук бербей коюсунан улам түзүлгөн жагдайды бүгүнкү кезексиз жыйынында талкуулады.
Парламент кечээ күнү америкалык 62 миң аскердин өлкөнүн авиабазалары менен деңиз портторун пайдалануусуна каршы добуш берген.
Бийликтеги Адилеттик жана өнүгүү партиясынын төрагасы Режеп Тайып Ердоган жыйындан кийин америкалык аскерлерди Түркияга киргизүү боюнча жаңы сунуш парламентке “зарылдык болсо” киргизилет деп билдирди. Бирок, партиянын башка бир жетекчиси Айып Фатсанын айтымында, парламентке жаңы сунуш жөнүндө жакын арада эч кандай сөз болбош керек.
Түркиянын премьер-министри Абдула Гул жыйындын алдында айтышынча:
- Түркиялык-америкалык кызматташуу стратегиялык мүнөзгө ээ. Биздин Кошмо Штаттары менен болгон достук мамилебиз өз ара түшүнүүчүлүккө негизделген жана (өз ара кызматташуу) улана берет. Кызматташууга бир сунуш эч таасир этпейт.
Түркиянын саясый жетекчилиги парламентти көндүрө албаса, Вашингтон Ирак согушунда Түркиянын территориясынан Иракка каршы экинчи фронтту ача албай калат жана Анкара көп миллиард долларлык АКШнын жардамынан кол үзөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG