Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:45

Ирак кризисин тынчтык жолу менен жөндөө аракети уланууда


Дүйнө лидерлери Ирак кризисин дипломаттык жол менен жөндөө аракетин улантышууда. Франциянын тышкы иштер министри Доминик де Вилпендин айтымында, ырасмий Париж Ирак боюнча жаңы резолюция кабыл алуунун зарылдыгы жок деп санайт, эгерде мындай резолюция колго салынса, ага каршы добуш берет. “Коопсуздук Кеңешинин 1441-резолюциясына ылайык аскерий эксперттер Ирактагы инспекцияны “туңгуюкка капталганча” жүргүзүш керек. Инспекция андай абалга жете элек. Ошондуктан жаңы резолюциянын зарылдыгы жок”,- деди Вилпен Би-би-си радиосуна берген интервьюда . Ал бирок Франция вето укугун пайдаланабы же жокпу, ал жөнүндө эч нерсе айтпады.
Россиянын тышкы иштер министри Игорь Иванов Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешине мүчө сегиз өлкөнүн тышкы иштер министрлери менен Ирак чатагын тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Кеңешке бардыгы 15 өлкө мүчө.
Кытайдын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Конг Цзян Улуттар Уюмунун аскерий эксперттеринин Ирактагы инспекциясын “улантуусу өтө маанилүү” экенин эскертти.
Өткөн жумада АКШ, Британия жана Испания Коопсуздук Кеңешине АКШ баштаган күчтөрдүн Иракка басып кирүүсүнө уруксат берген резолюциянын долбоорун киргизген.
Бириккен Улуттар уюмунун каруу жарак инспекторлору Багдаддан 40 чакырым түндүктөгү Тажи базасына келишип, тыйуу салынган “Ал-Самуд” ракеталарын иштен чыгарууга көз салууда.
Ирак тараптын маалымдашынча, бүгүн 6 ракета жок кылынат.
Президент Жорж Буш ишемби күнкү радиокайрылуусунда Саддам Хусейндин режиминин ордуна демократиялуу бийликти орнотуу АКШнын милдети экенине көңүл бөлдү.
- Кошмо Штаттары Ирактын жаңы өкмөтү мындай формада болуш керек деп таңуулабайт. Бул ирактыктардын эркиндеги иш. Биз бир зулум-диктатордун ордуна башка бир диктатор келбейт деген ишеничте болушубуз керек. - деди президент Ж. Буш.

XS
SM
MD
LG