Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:49

Бишкек ТЭЦиндеги авариянын себептери аныктала элек


БИШКЕК. Бишкек ТЭЦинде 1-мартта болгон авариянын себептери дагы эле белгисиз. ТЭЦтин башкы директору Лев Васильевден 3-мартта алынган маалыматка караганда, аны азыр ТЭЦтин бардык тармактарынын, профсоюз уюмунун өкүлдөрү жана көз карандысыз эксперттер кирген комиссия иликтеп жатат. Ал бир жуманын ичинде алгачкы жыйынтыгын чыгарышы мүмкүн. Ал эми авария учурундагы өрттөн жабыр тарткан төрт жумушчунун үчөө Бишкектин №4 ооруканасынын реанимация бөлүмүндө жатышат. Врачтардын айтымында, алардын акыбалы оор. Ошондуктан аларга кан куюш үчүн врачтар кан бере турган ыктыярдууларды чакырууда.
Бишкек ТЭЦинен алынган маалыматка караганда, буу чыгаруучу казандарга суюк жана күкүм түрүндөгү отунду чачырата турган жабдуу ремонттолуп жаткан кезде авария болуп, жумушчуларды жалбырттаган от каптаган.

XS
SM
MD
LG