Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:48

Премьер-министр ири чарбалардын өкүлдөрү менен жолугушту


БИШКЕК. 3-мартта Кыргызстандын премьер-министри Николай Танаев айыл чарба продукциясын өндүрүүчү ири чарбалардын 30га чукул өкүлү менен жолугушту. Жолугушуунун негизги бөлүгү жабык эшик артында өттү. Анда ири чарбалардын продукциясына кошумча нарк салыгын салуу маселеси талкууланды. Ири чарбалардын башчылары «мындай салыкты киргизүү жумуруяттын айыл чарбасынын кыйрашына алып келет» деген пикирлерин айтышты. Москва районундагы «Энгельс» колхозунун башчысы Борис Бажан «өкмөттүн «айыл чарбасы өсүп-өнүгүп жатат» деген маалыматы туура эмес» деп, бир эле Москва районунда 14 миң гектарга жакын жер жыл сайын айдалбай жатканын айтып өттү. «Рост» чарбасынын жетекчиси Александр Борко өкмөттүн жаңы салыгы өкмөт маалымдагандай 156 ири чарбага эле эмес, 10 гектар жери бар ар бир чарбага жана дыйканга терс таасир тийгизээрин эскертти. Ири чарбалардын продукциясына кошумча нарк салыгын киргизүү аркылуу өкмөт бюджетке 250 млн. сом киреше алууну көздөп жатат.

XS
SM
MD
LG