Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:36

Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы айыл чарба продукциясына кошумча нарк салыгын киргизүүгө каршы чыкты


БИШКЕК. Айыл чарба продукциясына кошумча нарк салыгын киргизүү Кыргызстандагы товар өндүрүүчүлөргө терс таасир тийгизип, жакырчылыктын күч алышына түрткү болот. Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев 3-мартта, Эл аралык Валюта Фондунун Кыргызстанга келген миссиясынын башчысы Тапио Саавалайнен менен жолугушуу учурунда ушундай пикирин айтты. Спикердин ою боюнча, Кыргызстандын калкынын 67% айыл жеринде жашап, айыл чарба продукциясын өндүргөндүктөн, кошумча нарк салыгын киргизүү алардын ишине башкы бөгөт болот.
Тапио Саавалайнен, «Кыргызстан Эл аралык Валюта Фондунун алдында берген милдеттенмелерин толук аткарат жана айыл чарба продукциясына кошумча нарк салыгын киргизүү тууралуу Мыйзам чыгаруу жыйыны кабыл алган мыйзам боюнча салмактуу чечимге келет» деген ишенимде экендигин билдирди.

XS
SM
MD
LG