Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:18

Москвада Коллективдүү Коопсуздук Келишимине кирген мамлекеттердин эксперттери жолугушууда


БИШКЕК. 3-мартта Москва шаарында Коллективдүү Коопсуздук Келишим Уюмуна мүчө болгон мамлекеттердин эксперттеринин жыйыны өтө баштады. Эки күнгө созула турган бул жыйында былтыр май айында уюм болуп кайра түзүлгөн Коллективдүү Коопсуздук Келишим Уюмун каржылоо маселеси талкууланууда. Бул тууралуу 3-мартта Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Андан алынган маалыматка караганда, март айынын орто ченинде ушул эле маселеге арналган жыйын Финансы, Коргоо жана Тышкы иштер министрликтеринин орун басарларынын деңгээлинде өткөрүлмөкчү. Ал эми апрель айынын соңунда Дүйшөмбү шаарында Коллективдүү Коопсуздук Келишим Уюмуна кирген мамлекеттердин саммити өткөрүлөт. Бул уюмга Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Беларус, Армения жана Тажикстан мүчө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG