Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:01

Жалалабад облусундагы коомдук жана бейөкмөт уюмдар президентке жана Акыйкатчыга кайрылуу кабыл алышты


ЖАЛАЛАБАД. Жалалабад облусундагы коомдук жана бейөкмөт 15 уюм президент А. Акаевге жана Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулуна кайрылуу кабыл алышты. Кайрылууда «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын башчысы Эдил Байсаловдун аскер бөлүгүндө кармалышы чектен ашкандык жана саясий иш-чара катары бааланган. Өлкөнүн демократия багытында 12 жылдык аракети менен адам укугуна мындай аракеттер аркылуу сокку урулганы да белгиленген. Кайрылууда бул окуяны кылдат иликтеп, ишке катышы бар кызмат адамдарын жоопко тартып, тергөө жыйынтыгын элге маалымдоо талаптары коюлган.

XS
SM
MD
LG