Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:13

Бейөкмөт уюмдар коалициясынын президентине мурда коюлган диагноз аскердик госпиталдан дагы бир жолу ырасталды


БИШКЕК. 3-мартта Аламүдүн районундагы Бешкүнгөй айылында жайгашкан аскердик госпиталдын көз догдуру Асира Сартова «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын президенти Эдил Байсаловго «эки көзү тең алысты начар көрөт жана оорусу күч алып баратат» деген диагноз койду. Мындай маалымат ушул күнү Эдил Байсаловдон алынды. Анын айтымында, көз догдурдун мындай диагноз коюп, «аскерде кызмат өтөөгө жараксыз» деп тапканына карабай, госпиталдын жетекчилери Республикалык аскердик-врачтык комиссиянын төрайымы Светлана Үмөталиеванын буйругу болмоюнча аны чыгарбай жатышат.
Ал эми Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Мирбек Койлубаев: «Эдил Байсаловдун госпиталга күч менен жаткырылышына эч кандай саясий негиз жок. Ал 2000-жылдын июль айынан бери дарегин таптырбай, кызмат өтөгөндөн качып жүргөн. Анын аскерге жарамдуулугун госпиталга жаткырып иликтөөгө «Аскерде кызмат өтөө милдети» жөнүндөгү мыйзам жол берет»,- деп билдирди. Бейөкмөт уюмдар коалициясынын президенти Эдил Байсалов 28-февралда аскердик госпиталга күч менен жаткырылган.

XS
SM
MD
LG