Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:59

Референдумга көзөмөл кылуу боюнча коомдук штаб Конституциялык Сотко кайрыла турган болду


БИШКЕК. «2-февралдагы референдумда Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алуу Конституциянын 96-беренесине карама-каршы келет. Ошондуктан референдумдун жыйынтыгын жокко чыгаруу арызы менен ушул жумада Конституциялык Сотко кайрылабыз». Референдумга көзөмөл жүргүзүү боюнча коомдук штабдын жетекчиси Өмүрбек Текебаев дүйшөмбү күнү ушундай деп билдирди.
Анын айтымында, Конституциянын 96-беренесине ылайык Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды гана киргизсе болот. Ал эми 2-февралдагы референдумда болсо Конституциянын жаңы редакциясы кабыл алынган. «Конституциянын жаңы редакциясынын эл аралык стандартка төп келишин текшертиш үчүн Венеция комиссиясына кайрылуу маселеси иликтенип жатат», - деп кошумчалады Текебаев.

XS
SM
MD
LG