Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:33

Канцлер Г. Шрөдердин партиясынан ишеним качты


Германиянын Социал-демократтык партиясы кечээ күнү Шлезвиг-Голштейн жергесинде болгон жергиликтүү шайлоодо 30 процент гана добуш алды. Ал эми оппозициядагы Христиан-демократтык партия 50 проценттен көп добушка ээ болду.
Социал-демократтар төрт жума илгери Ылдыйкы Саксония жана Хессе жергелеринде өткөн шайлоодо 1945-жылдан бери биринчи жолу жеңишти колдон чыгарган.
Шайлоочулар жумушсуздуктун жогорку деңгээлине, салыктын көбөйүшүнө жана экономиканын дымуу абалына нааразы дешет байкоочулар.
Христиан-демократтардын айтышынча, социалисттердин жеңилүүсү - канцлер Герхард Шрөдер жүргүзгөн үзүрсүз саясаттын натыйжасы.

XS
SM
MD
LG