Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:24

Словакия президенти Р. Шустер Кыргызстанга сапар алды


3-мартта Словакиянын президенти Рудольф Шустер Кыргызстанга ырасмий сапарга жөнөп кетти.
Маалымат булактарынын кабарлашынча, Р. Шустер Бишкекте Кыргызстандын президенти А. Акаев, премьер-министри Н.Танаев жана башка ырасмий адамдар менен кездешет. Бул жолугушууларда Словакия-Кыргызстан ортосундагы соода-экономикалык, маданий жана илимий-технологиялык кызматташууну жакшыртуу маселелери талкууланат.
Словакиянын ТАСР жаңылыктар агенттигинин кабарлашынча, президент Шустер сапар учурунда Кыргызстанда жашаган словактар менен да кездешет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG