Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:10

Айрым аналитиктер Кошмо Штаттары келерки төрт-беш күндө Иракка каршы согуш ачышы ажеп эмес деп эскертишүүдө. Ошол эле убакта, Ирак маселесинде Батышта да, араб өлкөлөрүндө да ажырым күндөн күнгө тереңдөөдө -- Британия баш болгон айрым союздаштар Бириккен Улуттардын алдынан бир өтүп кою талабын коюшууда; Түркия америкалык аскерлерди жайгаштыруудан баш тартты; Канада Вашингтондун Саддам Хусейнди бийликтен четтеттүү сунушун сынга алды.

Соңку кездерде көп адам дем алыш күндөрүн көчөдө, Ирак согушуна каршы демонстрация, жүрүштөр менен өткөрчү болду. Өткөн жекшемби да мурункуларынан көп айырмаланган жок. Прагада "Эски шаар" аянтында пацифисттер "өлүм бийи" менен көпчүлүктүн көңүлүн согуш коркунучуна буруп, добулбас согуп, тик өйдө кеткен Влашска көчөсүндөгү америкалык элчиликти көздөй жөнөштү. Пакистандын Карачи шаарында "Америка – террорист" деп ураан чакырган 100 миң чакты киши өлкөдөгү эң ири демонстрациялардын бирине чыгышты. Морокконун Касабланка шаарында 160 миң адам келген демонстрациянын уюштуруучуларынын бири Халид Софиани мындай деди: "Дүйнөдөгү бардык элдер бул согушка каршылык көрсөтүшү керек. Себеп дегенде эгер президент Буш Иракка каршы терроризмди жана агрессияны колдонсо, алаамат болот. Бүткүл дүйнө үчүн алаамат болот".

Йеменде, Түркияда, Египетте, Боснияда жекшемби күн ушул өңдүү демонстрациялар менен мүнөздөлдү.

Анын аралыгында Ирак Бириккен Улуттардын көзөмөлү астында "Ал-Самуд-2" ракеталарын жок кылууну улантты. 2-март күнү Саддам Хуссейндин курал боюнча башкы кеңешчиси Амер ал-Саади согуш башталса, Ирак бул ишти токтотууга мажбур болоорун эскертти.

"Эгер үстүбүздөгү айда, али эч нерсе боло электе Америка Бириккен Улуттар менен эсептешпей койсо, биз ракета жок кылууну эмнеге улантышыбыз керек?",- деп суроо салды Ирак президентинин өкүлү.

Жакшылыкка жоруйбузбу, жамандыктын белгисиби, айтор бүгүн күндө бул өңдөнгөн, көпчүлүктү түйшөлткөн суроолордун көбү жоопсуз кала берүүдө.

Араб дүйнөсүндө кезегинде Ирак басып алган Кувейт жана АКШнын Перси булуңундагы жакын союздашы Бахрейн Саддам Хусейнди бийликтен кетүүгө чакырган Бириккен Араб Эмиратынын демилгесин туура көрүштү. Бирок араб өлкөлөрүнүн жекшемби күнкү курултайында Сирия, Египет жана Саударавия Иракты куралсыздандыруу ишин улантууну колдошту. Курултайдын соңунда Иракка каршы согуш аракеттерине эч кошулбоо ниети айтылган декларация кабыл алынды.

Европада, бир апта мурда АКШга кошулуп Бириккен Улуттарга жаңы резолюциянын долбоорун тапшырган Британия менен Испания, ошондой эле Италия бүгүн резолюциянын жактырылышын күтүш керек деп кыйылып турушат. АКШ чоң ишеним артып келген Түркиянын парламенти апта соңунда 60 миң америкалык аскер жайгаштыруу сунушун четке какты. Согуш оппоненттеринин жол баштоочусу болуп калган Франция, аны кызуу колдогон Орусия, Германия жана Кытай кайрадан согушту болтурбоо зарылчылыгына басым жасашты. Булардын үчөө Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинде вето коюга укуктуу. Мындай укугу болбогон, бирок добуш бере турган дагы 10 өлкөнүн алтоо, анын ичинде Ангола, Чили жана Пакистан Иракты куралсыздандыруу ишин аягына чыгарууга мүмкүндүк берүү керек деп эсептешет.

АКШнын Ирак пландарын колдоп, Вашингтондун көңүлүн ала алган чыгыш европалык өлкөлөрдүн катарына да жик түштү. Чехиянын жаңы президенти Вацлав Клаус 28-февралда шайлангандан кийин дароо эле Ирак согушуна каршы экенин шардана кылды. Литванын жаңы президенти да Перси булуңундагы казатка салкын мамиледе болуп чыкты. Польшанын болочок өкмөтү да жогоруда аталган, президент Буш айтмакчы, "жаш европалыктардын" позициясын колдойт шекилдүү.

Бүгүн Коопсуздук Кеңешинин туруктуу беш өлкөсү өз ара сүйлөшүүсүн токтотуп, жалаң өз позицияларына болгон колдоону күч алдыруу аракетинде болуп калышты. Ушул кыйчалышта Вашингтон "Иракты куралсыздандырып гана тим болбостон, бул өлкөнүн президентин да алмаштырыш керек" деген жарыя жасап, орто заар болуп турган союздаштарын дагы иренжитти. "Бул жаңы саясатпы? (АКШнын) расмий саясаты Саддам Хусейнди куралсыздандыруу болчу. Азыр эми (Ак Үй) Саддам Хусейнди кулатыш керек деп жатат, бул мени өтө таң калтырат", - деди Канаданын өкмөт башчысы Жан Кретьен жума күнү сүйлөгөн сөзүндө.
XS
SM
MD
LG