Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:36

ИРАКТЫК ТҮРКМӨНДӨР УЛУТТУК ӨЗАЛДЫНЧАЛЫГЫН САКТООГО ЫНТЫЗАР


Иракта орто кылымдардан бери түрк тилдүү калктар ырааттуу жашап келген. Айтылуу ысыккөлдүк окумуштуу Махмуд Кашгари өзүнүн “Дивану лугати-т-түрк” эмгегин Багдадда 1077-жылы бүтүргөнү тууралуу маалымат эсиңиздердедир. Ал эми азыркы тапта Ирактын Керкүк аймагында өзүн “түркмөн” атаган улут жашайт.

Керкүк вилайетин байырлаган түркмөндөрдүн саны болжол менен эки жарым миллионго чукулдайт. Айрым адистер алардын санын эки миллион алты жүз десе, кээлери эки миллионго жетпейт деп да келишет. Кандай болсо да, мынчалык ири сандагы улуттун тагдырын таназарга албай коюуга мүмкүн эмес.

Ушул тапта Түркия Ирактын түндүгүндөгү түрк тилдүү калктын улуттук тагдырына кайдыгер кала албастыгын билдирип, Иракта согуш чыгып калган чакта, Керкүк түркмөндөрүн калкалоо үчүн өз аскерин көбүрөөк жибериши мүмкүн экенин кыйытууда. Буга түндүк ирактык күрттөр гана эмес, айрым ирактык түркмөндөр да каршы чыгышты. Ирак түркмөндөрү жамааты уюмунун өкүлү Жевдет Нажар Ройтерс кабар агенттиги үчүн курган маегинде 1991-жылдан бери аймак Саддам Хусейндин түздөн-түз көзөмөлүндө эмес экендигин, жана мындагы демократиялык эркиндиктер Ортоңку Чыгыштын башка бөлүктөрүндөгүдөн алда канча кеңири экенин айтты. Анын оюнча, ирактык түркмөндөр Түркиянын аскердик жардамына муктаж эмес. Бирок жергиликтүү түркмөндөрдүн арасында түркиячыл топтор да жок эмес. Алардын бир катары ирактык түркмөндөр алигиче улуттук эзүүгө дуушарланып жатканын, улут келечегинин бүдөмүк экенин баса белгилешет.

Деги, Керкүк түркмөндөрү – кимдер? Илимпоздор да, саясатчылар да бул маселе боюнча бир пикирде эмес. Азери тилчи окумуштуусу, профессор Газыэнфер Пашаевдин оюн угуп көрөлү:

- Эгер тарыхка назар салсак, сиз көрөөр элеңиз: Азербайжан кеңири аймактагы мамлекет болуп, анын бир бөлүгү – керкүктүктөр жашаган жер болгон. Муну эч бир түрк калкы четке какпайт. Алар азери диалектинде сүйлөшөт.

Профессор Пашаевдин сөзүнчө, түркиялык ири окумуштуулардан болгон Фуат Көпрүлү жана башка аалымдар ирактык түркмөндөрдү азыркы азербайжан улутунун бир бөлүгү катары баалашкан. Он алтынчы кылымда Иракта азерилердин саясий ролу күч болгон. Кийинчерээк, алардын мамлекети кыйраган соң да, Иракта калган калайык өз тарыхый атажуртунун изин жер-суу аттары аркылуу сактап калышкан:

- Осмон дөөлөтү бул аймакты каратып алган соң, алардын Азербайжан менен алакасы кесилип калды. Керкүктө, маселен, Карабактыктар деген маале бар. Кифри жеринин жанында Ширван деген да чеп бар.

Бирок профессор Пашаев өзү да Түркияда, Түркмөнстанда жана башка өлкөлөрдө бул пикирди четке каккан илимпоздордун көп экенин айтат. Ал эми ирактык түркмөндөргө келсек, алардын бир катар саясатчылары өздөрүн азыркы эч бир түрк тилдүү улуттун калдыгы деп санабастан, өз алдынча тагдырга ээ улут катары кароо зарыл деп эсептешет. Эне тилдеринде мектеби жок, улуттук-маданий кызыкчылыктарын жүзөгө ашырууда узак мезгил бою чектөөлөргө кабылган керкүк түркмөндөрү азыркы бардык кыйынчылыктарга карабастан, өздөрүнүн этностук бүтүндүгүн жана кылым карыткан салт-маданиятын сактап калууга ынтызар.
XS
SM
MD
LG