Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:18

Бишкекте курулуш боюнча эл аралык көргөзмө болот


БИШКЕК. Быйыл 28-30-апрель күндөрү Бишкекте «Курулуш-Бишкек-Билд-2003» деген темада биринчи эл аралык көргөзмө болот. 4-мартта бул тууралуу Курулуш жана архитектура боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Анвар Турсунов «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйынынында билдирди. Анын айтымында, көргөзмөнү Улуу Британиянын «ITE Group Pic» аттуу компаниясы жана анын Борбордук Азия жана Каспий регионундагы өнөктөшү «Iteca» компаниясы уюштурушат. Аны уюштурууга Кыргызстандын Курулуш жана архитектура боюнча мамлекеттик комиссиясы жардам көрсөтөт. Көргөзмөгө дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө чыгарылган курулуш жана жасалгалоо материалдары коюлуп, бул тармактагы долбоорлордун бет ачарлары өткөрүлөт.


Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бүбүкан Досалиева жана Айданбек Акмат уулу

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG