Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:02

Жалалабад университетинде «Америка ордосу» аттуу ресурстук борбор ишке киришти


ЖАЛАЛАБАД. 4-мартта Жалалабад университетинде «Америка ордосу» аттуу ресурстук борбор ишке киришти. Университет менен АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин ортосундагы келишимдин негизинде ачылган ресурстук борбордон Американы таанып-билгиси келгендердин баары пайдаланып, Интернет байланышы аркылуу дүйнө жаңылыктарын окуй алышат. «Америка ордосунун» бөлмөлөрүнө АКШ жөнүндөгү 31 миң долларлык адабият, 24 түрдүү электрондук жабдуу орнотулду. Ресурстук борборду Жалалабадга 3-мартта келген АКШнын Кыргызстандагы толук ыйгарымдуу элчиси Жон О Киф расмий ачып кетти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG