БИШКЕК. Кыргызстандын Социалдык фонду менен Кытайдын Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин ортосунда кызматташуу тууралуу макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу 4-мартта Социалдык фонддун төрагасы Акматбек Келдибеков билдирди. Анын маалыматына караганда, бул келишимге ылайык быйыл Социалдык фонддун эки топтон турган адистери Кытайда даярдыктан өтүшөт. Андан тышкары, Кытай Соцфондго 5 миллион юанды грант түрүндө берүүгө жана техникалык жабдуу жагынан жардам көрсөтүүгө ниеттенип жатат.