Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:48

Кыргызстан менен Түркия биргелешип консорциум түзүшөт


БИШКЕК. «Ооганстан Кыргызстандан шифер жана айнек сатып алууга кызыгып атат», - деп билдирди 4-мартта Курулуш жана архитектура боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Анвар Турсунов. Анын айтымында, Ооганстанга курулуш материалдарын жөнөтүш үчүн Кыргызстан Түркия менен бирге консорциум түзүүгө ниеттенүүдө. «Ооганстандын экономикасын калыбына келтирмекчи болгон донор-мамлекеттер 16 миллиард доллар бөлүүдө. Андыктан Кыргызстан Ооганстандын курулуш рыногуна кирсе, эки тарапка тең пайдалуу болот», - дейт А. Турсунов.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG