Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:53

«Банктар жана банк ишмердүүлүгү жөнүндөгү» мыйзамга кошумчалар киргизилди


БИШКЕК. 4-мартта Мыйзам чыгаруу жыйыны «Банктар жана банк ишмердүүлүгү жөнүндөгү мыйзамга кошумчаларды жана өзгөртүүлөрдү киргизүү» тууралуу мыйзамды 2/3 добуш менен кабыл алды. Улуттук Банктын төрагасы Улан Сарбановдун пикирине караганда, бул мыйзам Улуттук Банктын статусун бекемдебейт, бирок коммерциялык банктарга өлкөнүн башкы банкы тарабынан көзөмөлдү күчөтүүгө шарт түзөт. Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык Улуттук Банк коммерциялык банктардын директорлор кеңешине көз карандысыз мүчөлөрдү дайындай алат. «Коммерциялык банктардын ишмердүүлүгү жарандардын кызыкчылыгына да байланыштуу болгондуктан, алардын ишмердүүлүгүнө көзөмөлдү күчөтүү туура», деп билдирди бюджет жана финансы комитетинин төрагасы Марат Султанов. «Банктар жана банк ишмердүүлүгү жөнүндөгү мыйзамга кошумчаларды жана өзгөртүүлөрдү киргизүү» тууралуу мыйзам долбоорун Эл өкүлдөр жыйыны жактырбагандыктан, Мыйзам чыгаруу жыйыны шейшемби күнү аны кайра карап, конституциялык көпчүлүк добуш менен кабыл алды.

XS
SM
MD
LG