Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:31

Бейөкмөт уюмдар коалициясынын президенти аскердик ооруканадан чыкты


БИШКЕК. «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын президенти Эдил Байсалов 3-февралдын кечинде аскердик ооруканадан чыгып кетти. Бул тууралуу шейшембиде Эдил Байсалов өзү маалымдады. Анын айтымында, эми ал ден-соолугу жөнүндө медициналык корутунду алыш үчүн жумуруяттык аскердик дарыгерлер комиссиясынын кароосуна чакыруу боюнча бармакчы. 2-февралдагы референдумдун жыйынтыгын сынга алган «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын лидери Эдил Байсалов 28-февралда мажбурлоо жолу менен аскердик ооруканага жаткырылган. Коргоо министрлиги «Байсалов 2000-жылдан бери аскердик кызмат өтөөдөн качып жүрөт. Ошондуктан аны медициналык текшерүүдөн өткөрүш үчүн ооруканага жаткырылды» деп билдирсе, Эдил Байсалов бул окуяны өзүнүн саясий ишмердүүлүгүнө байланыштуу уюштурулган иш катары баалоодо.

XS
SM
MD
LG