Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:23

КОММУНИСТТИК ДИКТАТОР ИОСИФ СТАЛИНДИН ДҮЙНӨДӨН КАЙТКАНЫНА 50-ЖЫЛ ТОЛДУ


Муса Мураталиев, Москва Бул күндөрү Орусияда Иосиф Сталин дүйнөдөн кайткан күндүн 50-жылдыгын белгилешүүдө. Сталинди жерге коер алдында чак түштө жер-жерлердеги соот-фабрика, көчөдө жүрүп бараткан машине, деңизде сүзүп бараткан кеме, жолдо бараткан поезд гудок берип, Кремлдин короосунан замбирек атылып, мүлдө совет калкы аза күткөн экен.

Ошол күндү эски муундагы кишилер – ага кыргыздарды да кошсо болот - советтик түзүлүштүн пайдубалына доо кетирген тарыхый окуя катары баалап жүрүшөт.

Сыртынан билгендерге ал кезде Сталин эки согушту башынан өткөргөн жол башчы, ал эми чукулдан билген адамдарга,айталы, анын врачтарына үч ирет инсульт болгон, ичер суусу түгөнүп бараткан адам болчу. Советтер өлкөсүнүн 1922-жылдан 1953-жылга чейинки тарыхы Сталиндин ысмы менен тутумдаш.Маяковский айткандай, ал кезде партиянын башында ким турса, анын ысмы партиянын затына барабар болгон.

НТВ сыналгысынан сүйлөгөн сөзүндө белгилүү жазуучу, чалгынчы Анатолий Судоплатов мындай дейт:

- Өкүмөт расмий түрдө Сталиндин өлгөнү туурасында элге билдирүүгө, болжол менен 12 саат калганда, коопсуздук органынын агенти аркылуу америкалык жана англиялык тарапка үстүрт маалымат таркаттырат. Бу ишти КГБнын агенти, америкалык атайын кызматтары менен байланышы бар Шапиро жасаган. Билдирүүдө «жолдош Сталиндин денсоолугу кескин начарлап кеткени» айтылган. Анын кызмат ордуна кызыккандар өздөрүнүн кезеги келгенин сезип, бийликти колуна алып атканын ушинтип каңкуу кылышкан.

Өлөрүнө 6 ай калганда Сталин кезектеги пленум маалында – 1952-жылы 16-октябрде – делегаттар алдында сөз сүйлөп, алгач ирет өзүнүн карып кеткендигин моюнга алган экен.

Стенотчетту барактап көрсөк,Сталин,атап айтканда: «Биз, жашы улгайгандар, эртедир-кечтир өлөбүз. Бирок биздин улуу ишибиз кимдин колуна өтөт? Ушуну ойлонушубуз керек. Аны ким ары карай өөрчүтүп кете алат? Ал үчүн жашыраак, колунан иш келген тың киши керек. Маселени эмоцияга жеңдирбей,жигердүү чечкенибиз оң. Мени КПСС Борбордук Комитетинин Генералдык катчысынан жана СССР Министрлер Советинин төрагалыгынан бошотуңуздар деп суранамын. Карып калдым, кагаз окубай калганыма кыйла болду», - деген экен.

Бирок делегаттар аны кайрадан мурдагы кызматтарына бир добуштан шайлап,таркап кетишиптир. Сталин ооруп атканда аны көргөнү Лаврентий Берия, Никита Хрущев жана Георгий Маленьков үчөө күнүгө барып турушкан.

Жол башчыдан айрылар замат КПСС БК президиумунун атайын токтому чыккан.
Ал токтомго ылайык,жол башчынын архиви менен кол жазмаларын ирээтке келтирүү үчүн Маленьков, Хрущев, Берияга атайын тапшырма берилген.

Тарыхчылар айткан кептерге караганда, архивди ирээттөө бир нече жылга созулган жана ошондо Сталиндин канчалаган документтери жок кылынган.

Ошол эле жылы Берия кармалып,атылат.

Төрт жыл өткөндөн кийин антипартиялык топко кошулган деп Маленьков КПСС составынан чыгарылып,Казакстанга сүргүнгө айдалат.

Хрущев 1953-жылдан тартып КПСС БКнын биринчи катчысы болуп калат. Ал эми 1956-жылы партиялык курултайда Сталиндин керт башына сыйынган адатты ашкерлеп, мурдагы жолбашчыны айыптап чыгат.

Көп жылдар бою Сталин менен чогуу иштеп,учурунда отун маселеси боюнча Наркомдун жетекчиси болуп, саясий бюронун мүчөлүгүнө кирген Николай Байбаков азыр мындай дейт:

- Репресиия боюнча бардык күнөө Берия менен Кагановичте эле. Иосиф Виссарионович кишиге абдан ишенген адам эле. Бирөө менен урушканын көргөн эмесмин. Кенсесинде жай баракат ары-бери басып, канжа тартып тураар эле. Диктатор болгонбу-жокпу,анысын билбейбиз, ал биздин окутуучубуз, жол башчыбыз, жетекчибиз болгон.
XS
SM
MD
LG