Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:22

ТҮРКМӨНСТАН РЕЖИМИ ЕККУнун СЫНЫНАН ТЫЯНАК ЧЫГАРААР БЕКЕН?


ЕККУнун учурдагы төрагасы Яап де Хооп Схеффер дүйшөмбүдө Түркмөнстан президенти Сапармурат Ниязов менен жолугушту. Ашыгабаттык авторитардык режим ЕККУ тарабынан айоосуз сынга алынган менен, бул уюм өлкөнүн коомчулугуна сырткарыдан эмес, ичкериден таасир тийгизүүгө ынтызар.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун азыркы таптагы төрагасы, Голландиянын тышкы иштер министри Яап де Хооп Схеффер дүйшөмбүдө Ашыгабатта президент Сапармурат Ниязов менен жолугушуп, өлкөдөгү адам укуктарынын одоно бузулушу менен байланыштуу кырдаалды талкуулашты. Алардын жолугушуусунун башкы маселеси – түркмөн өкмөтүнүн оппозицияга карата айоосуз мамилеси тууралуу болду.
ЕККУнун басма сөз катчысы Стелла Роннер “Азаттыкка” мындай деп билдирди:

- ЕККУнун азыркы төрагасы Түркмөнстан президенти менен жолугушуусу учурунда террорчулук жана террордук кол салуу чаралары айыпталууга тийиш экенин президентке ырастады; бул окуя менен байланыштуу сот жараянынын жүргүзүлүшү керектигин ЕККУ аңдайт, бирок бул жараян ачык жана мыйзамга ылайык жүргүзүлүүгө тийиш...

Роннер айым сот жараянынын бардык жагдайларына олуттуу мамиле жасалууга тийиш экенин, сот адилеттигинин камсыз кылынышынын өзгөчө зарылдыгын баса белгиледи.

Бир катар агенттиктер дүйшөмбүдө жарыялаган ЕККУнун соңку баяндамасында, былтыркы 25-ноябрдагы майнапсыз аяктаган Түркмөнбашынын өмүрүнө кол салуу аракетинен бери өлкөдө жүздөгөн кишилер камакка алынып, уруп-соккулоого учураганы, алардын көбүнүн бар күнөөсү – президенттин өмүрүнө кол салган деп шектелгендердин урук-туугандарынан болгону айтылат. ЕККУ – коопсуздук маселеси боюнча Түркмөнстан мүчө болгон жападан жалгыз европалык уюм. Бирок бул жагдай – расмий Ашыгабат ЕККУга мүчө өлкө бойдон калууга бар күчү менен аракеттенет дегенди туюнтпайт.

АКШнын Түндүк Каролина университетинин Түркмөнстан боюнча адиси Стивен Сэйбел Ашыгабат режиминин эл аралык уюмдардын сынына карата мамилеси жөнүндө мындай дейт:

- Соңку он жыл ичинде Түркмөнстан ЕККУ, Бириккен Улуттардын адам укуктары боюнча топтору сыяктуу сырткаркы уюмдардын кеңештери менен сунуштарын угууга көңүлсүнбөй келди. Түркмөн бийлиги көбүнесе алардын сөзүн кулак сыртынан кетирүүгө умтулат. Эгерде кандайдыр-бир айтылган кеп-кеңештен улам Ниязовдун режими өзгөрүп кетсе, мен анда буга өтө таң калаар элем.

Стивен Сэйбелдин оюнча, ЕККУ Түркмөнстандын мүчөлүгүн токтотуп салганда деле расмий Ашыгабат чоң өзгөрүүлөрдү жүргүзүүгө ашыгып кетпейт. Ал эми 1999-жылдан 2002-жылга чейин ЕККУнун Ашыгабаттагы кеңсесинде иштеген Бесс Браун айым Түркмөнбашынын өкмөтү сырткаркы сын-пикирлерди түркмөн салт-санаасын жана менталитетин билбеген чет элдиктердин калпыс ой жоруусу катары гана баалаарын айтат. Бирок, Браундун оюнча, эл аралык уюмдар Түркмөнстандын ичкерисинде иш-аракет жүргүзүү оюнан баш тартпоосу абзел.

ЕККУнун учурдагы төрагасы Яап де Хооп Схеффер да 3-мартта Ашыгабатта ушундай мааниде сүйлөдү:

- Түркмөнстандын дарегине ЕККУ айтчу сынга карабастан, ошондой эле, Түркмөнстан менен анын президентинин ЕККУнун дарегине айтчу сынына карабастан, алардын баарлашуу мүмкүнчүлүгү ачык бойдон калууга тийиш. Бул - өтө маанилүү жагдай.

Схеффердин Түркмөнстан режимине карата мындай саясатын бир катар адистер колдоого алууда. Бирок ЕККУнун мындай мамилесин мажирөөлүк катары сынга алып, Ниязовдун режимин толук эл аралык бөлүндүдө калтырууга чакыргандар да жок эмес.
XS
SM
MD
LG