Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:57

Улуттар Уюму эл аралык террорчулукка каршы күрөш мыйзам чегинде жүргүзүлүүгө тийиш деп эскертет


ЖЕНЕВА. БУУнун адам укуктары боюнча башкы комиссары Сержио Виерра Де Мелло бардык жагдайларда жүрүм-турумдун өзгөчө нормалары бар экенин жана аларды урматтоо - парз экенин эскертет. Анын катарында кыйноолорго тыйуу салган нормаларды да эстен чыгарууга болбойт деп билдирилет комиссарлыктын баяндамасында. Эртең укук коргоочу Виерра де Мелло Америкалык өкүлдөр менен жолугушат. АКШ Ал-Кайыда жана Талибан уюмдарынын сандаган мүчөлөрүн Кубадагы Гуантанамо аскердик базасында кармап турат. Укук коргоочулар туткундарга адвокаттардын жардамы менен коргонууга мүмкүнчүлүк берилбей жатканын сынга алып келатышат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG