Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:27

Армениянын президенттикке талапкер эки саясатчысы теледен түз алып көрсөтүлгөн дебаттарды өткөрүштү


ЕРЕВАН. Мындай дебаттар эгемендик алгандан бери өлкөдө биринчи жолу өткөрүлдү. Теледебаттар кандидаттарды колдогон демонстрациялар менен коштолду. Феврал айында өткөн президенттик шайлоодо Кочарян добуш берген шайлоочулардын 49,48 процентинин колдоосун алган. Ал эми Демирчянга шайлоого катышкандардын үчтөн бири колдоо көрсөткөн. Президент болуп шайлануу үчүн добуш бергендердин теңинен көбүнүн колдоосу зарыл. Шайлоонун экинчи айлампасы эртең болот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG