Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:04

КЫРГЫЗ-КЫТАЙ ТЕМИР ЖОЛ КУРУЛУШУ КАЧАН БАШТАЛАТ?


Сапар Орозбаков, Бишкек Кыргыз бийлиги Кыргызстан менен Кытайды туташтырган темир жолдун курулушу 2 жылдан кийин башталаарын айта баштады. Бирок бул азырынча биротоло чечилген маселе эмес. Анткени жолдун техника-экономикалык негиздемеси даярдалып бүтө элек. Бирок кыргыз бийлигинин бул жолдун курулаарына ишеними зор. Анткени дүркүрөп өнүгүп бараткан Кытай Европага чыгыш үчүн дагы бир кошумча коридор издеп жатат. Кытай мамлекети, биздин Транспорт министрлигинин кызматкерлеринин айтуусу боюнча, аталган жолдун Кашкар шаары менен Торугарт чек ара бекетин туташтырган бөлүгүн планга киргизип кура баштады. Бул кандай болгон күндө да жол курулат дегенди билдирет.

Вице-премьер Кубанычбек Жумалиев «Кабар» маалымат агенттигине интервью берип, «Өзбекстан–Кыргызстан-Кытай темир жолу 2004-жылдын аягында же 2005-жылдын башында башталып калат» дегендей сөз айткан. Бирок бул биздин иликтөөлөргө караганда биротоло чечилип бүткөн иш эмес. Анткени аталган жолдун техника-экономикалык негиздемеси даярдалып бүтө элек. Жол кантип курулуп, канча тураары белгисиз. Андай болгондон кийин ага эч бир инвестор макулдугун бербейт. Жолду куруу тууралуу келишимдер азырынча түзүлө элек. Кубанычбек Жумалиев жогоруда сөз болгон интервьюда бул темир жолдун Кыргызстандын аймагы менен өткөн бөлүгү 226 км. түзүп, ал 950 млн. доллар тураарын айткан. Анын айтымында, жол 14 жылда өзүн өзү актап, пайда бере баштайт. Бул алдын-ала изилдөөлөрдөн чыккан сөз деп түшүнүш керек. Бирок анын курулаарына кыргыз бийлигинин ишеними зор. Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Айзат Ажыкеевдин айтымында, Кытай тарап жолдун өзүнө тиешелүү бөлүгүн планга киргизип, баштап койду.

Айзат Ажикеевдин сөзүнө караганда Кытай мамлекетинин Европага чыга турган бир эле коридору бар. Ал - Транссибирь темир жолу. Бул жол Кытайга жетишсиздик кылып, ал азыр кошумча жол издөөгө мажбур. Эгерде бул жол курулуп калса, Кытай менен Европаны бириктирген жол 1 миң 300 километрге кыскарат. Ал жол Европаны Кытай аркылуу Түштүк-Чыгыш Азиянын башка өлкөлөрү менен байланыштырат. Ошондуктан Айзат Ажикеев «кеп инвестордо эмес, аны чындап келсе Кытай өзү деле куруп коет» дейт. Бирок Жумалиев өз интервьюсунда «жолду курууга Германия, Иран жана Азия Банкы инвестор болушу мүмкүн» дегендей ой айткан. Ажыкеев аны жокко чыгарган жок. Европа менен Кытайды бириктирген темир жолдун бир нече варианттары бар экени маалым. Мисалы, ал жолду Эркечтам аркылуу өткөрүү тууралуу да сөз болгон эле. Ажыкеевдин айтымында, Кытай Торугарт менен өтчү вариантка токтолду.

Жолдун Кыргызстан аркылуу өтчү бөлүгү Жалалабаддан башталып, тоо арасы менен Арпа өрөөнүнө чыгып, андан ары Торугарт чек ара бекети менен туташтырылат. Жол тоону 3 жерден тешип өтөт. Ажыкеевдин айтымында жолдун Кыргызстандагы бөлүгү 256 километрди түзүп, аны курууга 600-700 млн. доллар кетет. Ажыкеев акча болсо аны курууга 1-2 жыл эле кетет дейт.

- Жол Кыргызстанга эмне берет?

- Биринчиден, биз транзиттик өлкөгө айланабыз. Казакстан темир жолдон түшкөн акчадан эле бюджеттин 25% жыйнайт. Бизге да жолдон акча түшөт. Экинчиден, жолдун айланасында инфраструктура өнүгүп, кыргызстандыктарга иш орундары ачылат. Үчүнчүдөн, өлкөнүн түндүк менен түштүгүн байланыштырууга мүмкүнчүлүк болот, - деди Айзат Ажыкеев.

Жалалабад-Торугарт темир жолун куруу - Кыргызстандын жетекчилиги көздөгөн пландын бир гана чети. Айзат Ажыкеев ал жол келечекте Бишкек-Балыкчы темир жолу менен туташтырыла тургандыгын белгилейт. Ошондуктан экинчи этапта Балыкчы-Каракече темир жолун куруу, үчүнчү этапта болсо ал жолду Жалалабад-Торугарт жолу менен туташтыруу каралган. Жол Арпа өрөөнүндө кошулат. Эгерде максат ишке ашып кала турган болсо, жол боюнда жайгашкан көмүр, аллюминий жана темир кендерин иштетүүгө шарт түзүлөт. Бирок бул азырынча план болуп гана эсептелет. Анын ишке ашырылышы Кытай мамлекетине байланыштуу.
XS
SM
MD
LG