Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:37

АДМИНИСТРАТИВДИК РЕФОРМАНЫН ЖҮРҮШҮ


Сапар Орозбаков, Бишкек Көз карандысыз чет өлкөлүк жана кыргызстандык эксперттер экономикалык өнүгүүгө жолтоо болуп жаткан факторлордун бири катары талапка ылайык башкаруу системасынын жоктугун белгилеп келишет. Аны жакшы түшүнгөн кыргыз бийлиги өкмөттүн негизги программасы болуп эсептелген «Комплекстүү өнүгүүнүн негиздери» аттуу программага административдик реформаны анда белгиленген 3 баш багыттын бири катары киргизип, аны ишке ашыра баштады. Бирок мындан азырынча натыйжа чыга элек.

Көз карандысыз чет өлкөлүк жана кыргызстандык эксперттердин пикири боюнча, кыргыз өкмөтү азыркы турушу менен экономиканы эффективдүү башкарууга жөндөмсүз. Ал дүйнөдөгү эң коррупцияланган бийликтердин катарына кирет. Ошондуктан ПРООН жана ТАСИС программаларынын алкагында атайын изилдөө жүргүзүлүп, анда административдик реформанын негизги багыттары иштелип чыккан болчу. Ага ылайык өткөн жылдын биринчи жарымында 12 министрликте, мамлекеттик агенттикте жана аймактык органдарда аттестация өткөрүлүп, ага катышкан 229 кызматкердин 41 аттестациядан өтпөй калган. 64үнө болсо өйдөрөөк кызмат орду сунуш кылынган. Азыр жогорку кызмат орундарына конкурс менен кабыл алуу практикаланып жатат. Премьер-министрдин аппаратынан алынган маалыматтарга караганда, 2002-жылдын биринчи жарымында министрликтердин аппаратына 104 адам конкурс менен кабыл алынган. Ал эми аймактык органдарга конкурс менен алынган кызматкерлердин саны 602 болду. Бул жалпы жумушка алынгандардын 40% жана 80% түзөт. Президент өткөн жылдын март айында чыгарган указы менен мамлекеттик аппаратты 5% кыскартууну белгилеген болчу. Премьер-министрдин аппаратынан алынган маалыматка караганда ал иш жүзүндө 6,6 % кыскартылды. Мындан алынган үнөм 30 млн. сомду түзөт.

Административдик реформанын негизги багыттарынын бири - мамлекеттик органдардын иш милдеттерин тактап, бири-бирин кайталаган министрликтерди кошуу жана жоюу. Бул багытта өткөн жылы премьер-министр башында турган атайын комиссия түзүлгөн болчу. Комиссия декабрь-январь айларында министрликтердин отчетун угуп чыкты.

- Быйыл «Кыргызстандын мамлекеттүүлүк жылы» деп жарыяланганын жакшы билесиңер. Биз бул жылды «мамлекеттик башкаруу системасын реформалоо жылы» деп да айтып жатабыз. Биз азыр министрликтердин жана мамлекеттик агенттиктердин иш милдеттерин тактап чыктык. Эми бири-бирин кайталаган мамлекеттик органдарды бириктиребиз. Министрликтер жана агенттиктер ишкерлердин натыйжалуу иштешине зарыл шарттарды түзүп бериши керек. Башка ашыкча иш милдеттеринин баарын жоюп жатабыз. Аларды даана жана ачык кылалы деп атабыз. Ошондо гана коррупциядан арылууга мүмкүнчүлүк болот, - дейт вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев.

Өткөн жылы Салык жана Бажы инспекциялары бириктирилип, анын ордуна Кирешелер боюнча комитет түзүлгөн. Премьер-министрдин аппаратынан алынган маалыматка караганда, функционалдык анализдин негизинде эми 5 мамлекеттик структураны бириктирүү маселеси каралып жатат. Алар - Тышкы соода жана өнөр жай министрлиги, Ишкерликти өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссия, Антимонополдук комиссия, Стандарт жана метрология боюнча агенттик жана Мамлекеттик мүлк комитетинин алдындагы Инвестицияларды тартуу боюнча борбор.

Жүргүзүлгөн иштердин экономикага тийгизген таасири азырынча байкалбайт. Өткөн жылы, тескерисинче, ички дүӈ продуктунун азайып кеткени көпчүлүккө маалым.

Көз карандысыз эксперттер президенттик администрация менен өкмөттүн аппаратын да бири-бирин кайталаган органдар деп эсептешет. Бул 2 органга мамлекеттик башкаруу системасына бөлүнгөн акчанын көбү жумшалаары көпчүлүккө маалым. Бирок аларды бириктирүү саясий чечимди талап кылат. Жакында өткөрүлгөн референдумда бул маселе коюлбай калды. Андыктан ал көпкө чейин чечилчүдөй эмес.

Эксперттер, мындан тышкары, кичинекей Кыргызстан үчүн бир нече баскычтан турган жергиликтүү администрациянын зарылчылдыгы жок экендигин да айтып жүрүшөт. Алар, мисалы, райондорду же облустарды жоюп, бирөөсүн эле калтырып койсо, андан экономика зыян тартпастыгын, тескерисинче мамлекеттик аппаратка кеткен акча бир топ азаярын белгилешет. Бул да жакында кабыл алынган Конституциянын жаӈы редакциясында оӈ чечилген жок. Бирок Конституцияда ал маселе ачык калтырылып, кийин зарыл болгондо тиешелүү реформа жүргүзгөнгө мүмкүнчүлүк берилди.
XS
SM
MD
LG