Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:56

ИРАККА КАРШЫ СОГУШТУ АКШ БИРИККЕН УЛУТТАРДЫН КОЛДООСУ ЖОК ДЕЛЕ БАШТАЙТ


Нарын АЙЫП, Прага Ирак маселесин Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңеши 7-март күнү карай баштайт жана АКШ мамлекеттик катчысы Колин Пауэллдин пикиринде, Кеңеш америкалык сунушту колдоого тийиш. Башка дүйнө мамлекеттери ал тууралуу бир пикирге келе электигине карабай, Иракка каршы согуш ачууга АКШ жигердүү даярданууда.

"Уолл стриит жорнел" гезити 4-мартта жазып чыкканга караганда, Иракка каршы согуш даярдап жаткан америкалык аскерий чөйрөдө - согуш башталса, эң биринчи кезекте өлтүрүлүп же кармала турган ирактык жетекчилердин тизмеси даярдалган. 50 адамдан турган ал тизмеге президент Саддам Хусейнден тышкары анын Удай жана Кусай деген эки уулу, кудасы Барзан Ибрахим Тикрити, өлкөнүн вице-президенти Таха Яссин Рамадан, вице-премьер-министр Тарик Азиз жана башкалар бар. Мындай тизменин түзүлгөнү - согушка даярдык канчалык деңгээлге жеткенин көрсөтөт.

Ирак айланасындагы аймакка азыр 220 миңден ашык америкалык аскер топтолду жана согуш башталса, алардын жалпы саны 370 миңге жетиши мүмкүн. Перс булуңуна АКШнын учак конуучу 12 кемесинин алтоо жиберилди, согуш аракеттерине 1500 учак, 800 тик учма, 800 танк жана алтымышка жакын кеме катыша тургандай. 1991-жылдагы 11 күндүк согушка 540 миң батышт аскери катышкан, бирок мындан 12 жыл мурдагыга караганда, Ирактын армиясы да азыр эки эсеге аз.

Ал согушка Батыш коалициясы 60 миллиард доллар короткон, азыркы акчага которгондо, ал 80 миллиард долларга тете. Эксперттердин эсептерине караганда, азыркы согуш ылдам аяктаса, ага элүүдөн 100 миллиард долларга чейин керек болот, бирок согуш бир нече жылга уланып кетсе, ага талаптуу каражат бир жарым триллион долларга чаап барат. Дагы бир маанилүү нерсе - 1991-жылдагы согуштун чыгымын негизинен Алмания, Жапания, Кувейт жана Сауд Арабия көтөргөн, азыр болсо дээрлик бүткүл чыгым америкалык салык төлөөчүлөрдүн мойнуна жүктөлө тургандай.

Анткени Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңеши согушту жактырган резолюция кабыл алаары күмөн, андай болгондо, АКШ менен Улуу Британия Иракка каршы аскерий аракеттерди өздөрү баштоого аргасыз болот. Америкалык өкмөттүн басма сөз катчысы Ари Флейшердин айтымында, Иракты күч менен куралсыздандырууга - Бириккен Улуттар тарабынан ноябр айында кабыл алынган биринчи резолюция эле жетиштүү:

- Президенттин пикиринде, экинчи резолюция кабыл алынса жакшы, бирок анын зарылчылыгы деле жок. Анткен менен, президенттин айтымында, биз инспекторлордун башчысы Бликстин отчетун угабыз жана Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрүнө ал тууралуу өз пикирин айтууга мүмкүнчүлүк беребиз.

Коопсуздук Кеңешине туруктуу мүчө Орусиянын айтымында, согушту болтурбоо үчүн Маскөө өзүнүн вето салуу укугунан пайдаланышы толук ыктымал. Өлкөнүн Бириккен Улуттардагы өкүлү Сергей Лавровдун пикиринде, добуш бербей калыс калуу мындай учурга ылайык эмес:

- Биз мындай резолюцияны колдой албайбыз жана Коопсуздук Кеңеши да аны кантип колдой турганын бен билбейм, анткени ал резолюция согушка түз жол ачат. Резолюциянын долбоорун даярдагандар да ал тууралуу ачык эле айтып жатат.

Эл аралык текшерүүчүлөр Ирактагы абал боюнча үчүнчү отчетту 7-март күнү берет жана андан кийинки бир аптанын ичинде Коопсуздук Кеңеши Ирак боюнча чечим кабыл алууга тийиш. Алгач 7-марттагы жыйынды Кеңештин катардагы талкуусу катары өткөрүү пландаштырылган, бирок Франциянын сунушу менен ага мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрлери чакырылууда. 14-февралда инспекторлор экинчи отчет бергенден кийинки талкууда Франциянын тышкы иштер министри Доминик де Вильпен АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэллге караганда алда канча көп колдоо алып, согуш баштоого жол берген резолюция кабыл алынбай калган.
XS
SM
MD
LG