Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:09

КУРУЛТАЙЛАР, АСКЕР ЖАШЫНДАГЫ БАЙСАЛОВ, КЫРГЫЗДЫН КЫТАЙЧА АТАЛЫШТАРЫ


Кыргызстандагы басма сөз беттериндеги жаңылыктарга баяндама.

Кыргызстан элинин ассамблеясынын кезектеги курултайына 1100 адам катышат, анын 640 адамы делегаттар. Курултайдын негизги максаты “Кыргызстандын чыныгы патриотторун “тегерек үстөлгө отургузууга” , “өлкөнү башкаргандарга жакшылап өнүгүүнүн жолдорун издөөгө жана табууга жардам берүүгө тийишпиз”, деп айтылат “Кыргыз туусу” гезитине жарыяланган уюштуруу комитетинин кайрылуусунда. Гезиттин жаңы санындагы сынчы Кеңешбек Асаналиевдин «Академик Юнусалиев “Манасты” кантип коргогон” макаласы эпос тоталитардык коом тушунда кандай кысымга алынганына, элдик адабий мурасты сактап калган азамат уулдун илимий эрдигине арналган. К.Асаналиведин макаласы “Кыргыз туусу” гезитинин шейшембидеги санында жарыяланды.

Кыргыз-кытай чек ара келишими тууралуу республиканын Тышкы иштер министрлиги билдирүү тараткан. Анын тексти шейшембидеги “Слово Кыргызстана” гезитинде жарыяланды. Министрликтин билдирүүсүнө караганда, 1987- жана 1990-91-жылдары советтик-кытайлык чек арадагы талаштуу деп эсептелинип келген Кантеңир, Бозтаг, Бозайгыр жана Эркештам участокторунун кимге тиешелүүлүгү аныкталган. Бедел ашуусунун батышындагы жер участогунун башы ошондо эле ачылбай калган. Ушул гезитте Бейөкмөт уюмдар коалициясынын жетекчиси Эдил Байсаловдун аскерге чакырылышына байланышкан талаштуу жагдайга карата Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынын түшүндүрмөсү жарыяланды. Министрликтин айтымында, аскер жашындагы Эдил Байсалов райондук аскер комиссарлыгына жашап аткан дареги алмашылганын айтпай кеткен.

Ушул эле окуянын экинчи версиясын шейшембиде “Моя столица” гезити жарыя кылды. Рина Приживойттун “Армия Эдил Байсаловсуз жашай албайт” деген макаласында Бейөкмөт уюмдар коалициясынын жетекчиси аскердик кызматка жарабастыгын күбөлөндүргөн кагазды 1994-жылы эле алгандыгы маалымдалат. Ага карабастан, ушул жылдын январында чакырык кагазын алып Эдил Байсалов медициналык кароодон өткөн.

Аксыдагы кандуу окуянын бир жылдыгы алдында бийлик шашылыш курултай чакырганына Жыпар Жекшеев «Аксы жылдыгы. Туңгуюктан чыга алабызбы?» деген макаласында токтолгон. Автордун ою боюнча, бул курултайга өлкөдөгү коомдук күчтөрдүн баки-жогун чакыруу керек. Аксы алааматында набыт кеткендер, саясий ачкалыктан көз жумган Шерали Назаркуловго «Кыргызстандын баатыры» наамын берип, 17-мартты аза күтүү күнү деп жарыялоо зарыл. Бул коомдогу өз ара түшүнүүчүлүккө кадыресе өбөлгө түзмөк.

6-мартка белгиленген курултай тууралуу пикирин шейшембидеги «Агым» гезитинде Абдувахаб Мониев билдирген. Анын ою боюнча, Кыргызстанда өтүп аткан курултайлардын мыйзамдык негизи жок. Кыргыздардын уруулук заманы тушунда «эл жакшыларынын» катышуусунда курултай өтүп, анда уруулар ортосундагы маанилүү маселелер чечилчү. Азыркы курултайлар, автордун айтымында, «тек гана «саясий шоу», «бийликти элдин атынан сүйлөтүү үчүн ойлоп табылган». Гезитте Баткен облусунун көпчүлүк элинин атынан жазылган «Баткен губернатору Айбалаев колтийбес Рим папасы болуп кеткенби?» аттуу ачык кат жарыяланды.

Курултай темасына шейшембидеги «Республика» гезити да кайрылган. Замира Сыдыкованын жазганына ынансак, Өкмөт Үйү кийинки кездери жасалма иш-чаранын кыныгын таап алды. А бирок каадалуу жыйынга оппозиция бул ирет катышпайт.

Күзгө чукул чакырылчу кыргыздардын дүйнөлүк курултайын жогорку деңгээлде өткөрүү өтүнүчү менен «Аалам» гезити аркылуу маданий-коомдук ишмерлер жогорку бийлик жетекчилерине кайрылуу жолдошту. Алар кезектеги курултайдын өтүшүнө жалпы эл катышуусу зарыл деп эсептешет. Басылмада Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин үй-бүлө бизнеси тууралуу макала да жарыяланган. Анда мамлекет казынасына тартынбай кол салган чиновниктер, алардын башында турган президенттин күйөө баласынын өлүү дүйнө топтоо аракети баяндалган.

Кытайдагы «Тил жана котормо» журналынын башкы редактору Макелек Өмүрбайдын «Кытай тарыхый жазмаларындагы кыргыздар» деген изилдөөсү шейшембидеги «Эркин тоо» гезитинде жарыяланды. Окумуштуунун маалымдоосу боюнча, кытай тарыхый жазмаларында «кыргыз» деген ат 6 башка тыбыштык негизде айтылып, 15 түрдүү жазылат. Орфографиялык эрежеге ылайык «кыргыз» этномими өзгөртүлүп айтылып, жазылышы көнүмүш.

Шейшембидеги «Вечерний Бишкек» гезити кыймылсыз мүлк салыгы тууралуу пикирлер топтомун жарыя кылды. Шаардыктардын көпчүлүгү жаңы салыктын киргизилишине каршы эмес, тек салык өлчөмүн аныктоодо социалдык теңчилик сакталышын каалашат.
XS
SM
MD
LG