Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:45

СТАЛИН ЖАРЫМ КЫЛЫМ МУРДА ДҮЙНӨДӨН КАЙТКАН


5-мартта советтик диктатор Иосиф Сталин жарык дүйнө менен кош айтышкан күнгө 50 жыл толду. Бул күн Коммунисттик партия жүргүзгөн репрессиялардын эң каардуу дооруна соңку чекит койгон эле. Бирок, "Азаттыктын" Маскөөдөгү кабарчысы Грегорий Файфер жазгандай, орустардын арасында Сталинди өз өлкөсүнүн тарыхындагы улуу адамдардын бири катары санагандар көбөйүп баратат. Файфер Маскөөдөн жиберген маалымдама менен ЖЖ тааныштырат.

"Биздин партия, совет эли, бүткүл дүйнө орду толгус оор жоготууга учурады. Биздин окутуучубуз жана жол башчыбыз, адамзаттын улуу генийи Иосиф Виссарионович Сталин дүйнөдөн кайтты".

20-кылымдын эң бир оомал-төкмөл көз ирмеми - 1953-жылы 5-март күнү советтик диктатор Йозеф Сталиндин сөөгүн жерге берүү тажиясында Политбюро мүчөсү, эл комиссары Георгий Маленков совет элине ушул сөздөр менен кайрылган эле.

Бул күн Компартиянын репрессияларына чек койгон советтик тарыхтын бурулуш көз ирмеми болуп калган. Тарыхчылар канча киши өлүм жазасына тартылып, канчасы ачарчылыктан же сталиндик лагерлерде набыт болгонун такташа элек, бирок болжол менен 20 миллиондон ашык деген сан айтылып жүрөт.

Ушунча көп адам репрессияланып кеткенине карабастан бүгүн Орусияда сталиндик доорду эң бакыбат жылдар деп эсептегендер улам көбөйүп барат.

Ушул айда жарыяланган сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча, орусиялыктардын 36 пайызы Сталиндин жамандыгынан жакшылыгы көбүрөөк болгон деп эсептейт. Дагы 34 пайызы оң-терс жагы теңме-тең болгон деген көз карашта.

Көпчүлүк кишилер Сталиндин жетекчилиги менен Советтер Союзунун нацисттик Германияны жеңип алганын, СССРдин Батыш менен тең тайлашкан өнөр-жайын кура алгандыгын белгилешет.

Маскөөнүн борборундагы чакан көргөзмө мына ушул эки анжы сезимдерди чагылдырып тургансыйт, мында негизинен диктатордун портреттери коюлган, ал эми 20 миллион саясий айыпкер камалган сталинидик Гулаг лагерлеринин тарыхына бир бурчек гана орун берилген.

Музейдин администрациясында иштеген Тамара Александровна фамилиясын айтууну каалаган жок.

"Мен Сталиндин жактоочусумун. Эгер бүгүн Сталиндин убагындагыдай жетекчилик болгондо, биздин өлкөдө тартип болмок. Ууру-кескилик, бүгүнкүдөй баш-аламандык болмок эмес",- деди ал.

Ал эми Гулаг архивинин жетекчиси Алена Козлова советтик доордогу кылмыштары үчүн бир да бийлик өкүлү сот жообуна тартылбаганы, алардын бири да кечирим сурабаганы коркунучтуу көрүнүш деп эсептейт.

"Репрессия болгон эмес деп ырастаган саясатчылар эл алдына чыгып жүрүшөт",- дейт Козлова. Анын пикиринде, бүгүн милиция көчөдө бараткан өңү буруу адамдарды токтотуп, документтерин текшерүүнүн күчөп жатканы советтик доордогу "жакшылар менен жамандар", "биз жана алар" деп элди экиге бөлүү тенденциясынан келип чыккан көрүнүш.

Ал эми Лев Мищенко Улуу Октябрь Революциясы менен жашташ, 1917-жылы туулган. Төрт жашында ата-энесин большевиктер аттырып салышкан. Атамекендик согушта Мищенко нацисттердин туткунуна түшүп, Бухенвальд концлагерине отургузулган. Согуштун акыркы күндөрүндө ал жактан качып чыгып, америкалык армиянын АКШга кетүү сунушун кабыл албай, мекенине кайтып келген. Советтер Союзунда дароо Сибирге айдалган. Мищенко Сталин өлгөндөн кийинки жылы гана азаттык алган.

"Сталин маньяк болгон. Согушта биз Сталин үчүн эмес, Сталинге карабастан жеңип чыкканбыз. Орусияга, Советтер Союзуна жана бардык советтик республикаларга ал эмне берди? 10 миллиондогон адамдарды өлтүрдү, кеминде 20 миллион күнөөсүз адам шейит кеткен, ушундан улам Сталин эч нерсеге жете алган эмес десек болот", -дейт сталиндик лагерлерде 10 жылга чукул отуруп чыккан согуш ардагери.
XS
SM
MD
LG