Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:31

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ УЙГУРЛАРДЫН АБАЛЫ КАНДАЙ?


Чолпон Орозобекова, Бишкек Кыргызстандагы уйгурлардын «Иттипак» коомунун тѳрагасы Розмухамет Абдулбакиев менен маек.

- Розмухамет Ахметович, ар кандай саясий жана тарыхый себептерден улам адистер уйгурлардын так санын айтуу кыйын дешет. Деги Кыргызстанда азыр канча уйгур бар?

- Кыргызстанда расмий статистика боюнча 50 миң уйгур бар. Бирок менимче мындан кѳп. Мен СССР кезинде Мамлекеттик коопсуздук комитетинде ишетеген адамдын 1997-жылы жазылган эскермесинен «1955-83-жылдары СУАРдан Кыргызстанга 200 миң уйгур келип кошулду» дегенин окудум эле. Баарыбызга белгилүү, бул кызматта иштегендердин колунда коомчулукка жарыяланбаган, бирок чындыкка жакын, толук маалыматтар боло турган. Суроо туулат. Андай болсо калган уйгурлар кайда кетти? Кыргызстанда канча уйгур бар экенин тактай албай келебиз. 1926-37-жылдардагы репрессияда уйгурлар кѳп кырылган. Ошондон коркуп, кѳбү ѳзүн жашырып башка улуттарга катталып алышкан. Албетте, бул биздин улуттук трагедиябыз.

- Коңшу ѳлкѳлѳргѳ салыштырмалуу Кыргызстанда уйгурлар кандай жашап атат деп ойлойсуз?

- Кыргызстанда чыны менен демократия бар. Өзбекстанда уйгур экенин жашырып, «ѳзбек» деп катталып жүргѳндѳр кѳп. Кыргызстанда болсо айдан-ачык эле уйгур уюмдары иштѳѳдѳ. Уйгур тилинде телевидениебиз, радиобуз, газетабыз бар. Улуттук Университетте уйгур факультети бар. Экономикалык жактан айтсак, ѳлкѳдѳ жамы журт кандай жашап атса, уйгурлар деле ошондой эле күн кѳрүп атышат. Айрым массалык маалымат каражаттарына чыккан субъективдүү макалалар коомчулукта терс пикир жаратып койот экен. Шаарда уйгурлардын 3-4 мыкты кафеси болсо эле «уйгурлар бай жашап атат» деген туура эмес. Жада калса чет ѳлкѳдѳн келгендер да биз жѳнүндѳ ушундай ойдо. Себеби гезиттер, жолугушкан ар кыл чиновниктер ушундай түшүнүк калыптандырып коюшат экен.

- Кѳчѳдѳ жүргѳндѳбү, коомдук транспорттобу, ар кандай коомдук жайлардабы, деги эле кыргызстандыктардын уйгурларга мамилеси кандай?

- Кээ бир орус тилдүү басылмаларга биз тууралуу адилетсиз макалалар чыгып кетип атат. Аны окуган карапайым элде, «уйгурлар террористтик ар кандай кыймылдарга жакын же бай» деген сезим пайда болуп калат. Жакында Бишкек ички иштер башкармалыгынын «Бүркүт» оперативдик тобунун алты кызматкери «Инсан» кафесинен уйгур жаштарын сабап, «силер, уйгурлар, террористсиңер, вахабистсиңер, биз силерди жашатпайбыз» деп шылдыңдашкан экен. Мен ички иштер министринин орун басары Суранчиевге ырахмат айтат элем. Ал кишиге кайрылсак жанагы алты кызматкерди дароо жумушунан бошотту.

- Эмне үчүн уйгурлар террордук актыларга жана ар кандай кандуу окуяларга кѳп аралашып калышат?

- Мындай пикир коомчулукта бар. Бирок, дагы эле бул маселени тереңирээк карашыбыз абзел. «Дело №» гезити уйгурларды «террордук актыларга байланышы бар» деген кыязда кѳп макалаларды жарыялады. Бир макаласында «Кытайда бир нече террористтик уюмдар иштейт» деп жазыптыр. Биз деле СССРди башыбыздан ѳткѳрбѳдүкпү, коммунисттик системада ар кандай жашыруун террористтик уюмдар жашай албайт, бул чындыкка да коошпойт. Мен бул сурооңузга бир америкалык досумдун сѳзү менен жооп берейинчи. Ал минтип атпайбы, «эгерде дүйнѳдѳ атайын кызмат жок болгондо бардык ѳлкѳлѳр тынч жашайт эле».

- Уйгур элинде да ѳз тилин унуткандар жок эмес. Эне тилди үйрѳтүү жана эне тилде билим берүү жагдайы кандай?

- Тил маселеси - биздеги эң оор проблема. Уйгурлар бала-чакасы менен кѳбүнчѳ орусча сүйлѳшѳт. Мурда мектепти мындай кой, бир дагы уйгур классы жок болчу. Азыр кѳп мектептерге уйгур класстарын ачтык. Учурда мектеп ачууга мыйзамдык жактан толук негиз бар. Бирок, китеп жок, кадрлар жетишпейт. Айрымдар «китептерди СУАРдан алдырып албайсыңарбы» дешет. Билим берүү да саясаттын бир түрү. Кытайдагы уйгурлардын тарыхы бурмаланган окуу китептерин алып келип, ѳсүп келаткан жаш муунга окута албайбыз.

- Кыргызстанды чанып башка ѳлкѳлѳргѳ кѳчүп кетип аткандардын агымында уйгурлар да барбы?

- Жумушка жѳндѳмдүү 25-45 жаш курагындагылардын кѳбү Орусияга, Европа ѳлкѳлѳрүнѳ, Америкага кетип атышат. Бул да ѳзүнчѳ трагедия. Аларды токтотуп калууга биздин күчүбүз жетпейт. Орто Азияда туруп улут катары тилибизди, дилибизди сактап калуу кыйын болуп атса, Европада жүргѳн уйгурдун ѳзүн уйгур катары сактап калышы кыйын го.

- Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы достук мамиленин бекемделишине уйгурлар кандай карайт?

- Кыргызстандын жараны катары андай дипломатиялык жана саясий аракеттерди туура түшүнѳбүз. Албетте, уйгур катары кандай десем… Жан-дүйнѳбүздѳ аны кабыл ала албаган карама-каршы сезим бар. «Кытай миллиондогон уйгурларды ассимиляция кылып жиберсе, эмки кезек кимге жетет?» - деген суроо туулат. Дипломатиялык байланыштар керек. Бирок, Мекендин жана улуттун кызыкчылыгы дайыма биринчи орунда болгону ырас.

- Орто Азия ѳлкѳлѳрүндѳ уйгур лидерлерин ѳлтүрүп кеткен фактылар болбодубу. Бул окуялардын себептерин уйгурлар ѳздѳрү кандай жоромолдошот?

- Бул окуялар азырынча табышмак бойдон, биринде да тергѳѳ иши аягына чейин толук жүргүзүлгѳн жок. Кандай болгон күндѳ алар антикытайлык саясат жүргүзгѳнү үчүн жазаланышты. Балким бул иштер 10-20 жылдан кийин ачыкка чыгат. Президент Акаев «адам укугун коргогон ѳлкѳ болобуз» деп жатпайбы, биздин да үмүтүбүз чоң.
XS
SM
MD
LG