Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:04

Кыргызстандын Оттава конвенциясына кошулуу маселеси талаш пикирлерди жаратууда


БИШКЕК. 5-мартта Бишкекте «Миналардын коркунучу тууралуу калкка маалымат берүү» деген темада «тегерек стол» жыйыны өттү. Кызыл Жарым Ай улуттук коомунда өткөн бул жыйынга депутаттар, Коргоо, Экология жана чукул кырдаалдар, Тышкы иштер министрликтеринин, Чек ара кызматынын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышышты. Анда 1999-жылы Кыргызстанга согушчан топтор басып кирген соң Өзбекстан өз чек ара тилкесин бойлото койгон миналардан улам болгон кырсыктар тууралуу маалымат берилип, ал жерлердеги мындай коркунучту жок кылуунун жолдору талкууга алынды. Жыйында миналарга тыюу салуу боюнча 1997-жылы кабыл алынган Оттава конвенциясына Кыргызстандын кошулушу тууралуу маселе талаш туудурду. Тышкы иштер министрлигинин КМШ мамлекеттери боюнча башкармасынын башчысы Эркин Мамкулов «бул Конвенцияга кошулгандан мурун Кыргызстандын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу жагын ойлонуш керек» деп, бул Конвенцияга адегенде кошулуп алып, кайра чыгып кеткен Тажикстанды мисал келтирди. Андан тышкары Эркин Мамкулов Тышкы иштер министрлиги ишеним көрсөтүү боюнча меморандумдун долбоорун даярдаганын, аны азыр Өзбекстан тарап талкуулап жатканын кабарлады.

XS
SM
MD
LG