Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:03

Бишкекте «Кыргыз жүзү-2007» аттуу программанын долбоору талкууланды


БИШКЕК. 5-мартта кыргыз президентинин алдындагы Информациялык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңештин кезектеги жыйыны болуп, анда «Кыргыз жүзү-2007» аттуу программанын долбоору талкууланды. Жыйында жактырылган долбоор президенттин кароосуна сунушталды. 2007-жылга чейин Кыргызстанды информатизациялоо программасы, 2002-жылы кабыл алынган Информатизациялоо жөнүндө улуттук стратегиянын негизинде иштелип чыккан. Долбоор Транспорт жана коммуникация министрлиги, «Дигитал роуд ЛТД» фирмасы жана Бишкектеги Славян университетинин адистери тарабынан даярдалып, Түштүк Кореянын тажрыйбасы үлгү катары алынган. Жыйында айтылган маалыматка караганда, бул программа ишке ашырылса, анда 2005-жылы Кыргызстандын аймагындагы 200 почтада компьютердик ыкмага үйрөтүүчү борбор ачылып, иштеген калктын 10% үйүндө отуруп Интернет аркылуу каражат табууга жол ачылат жана 1 миллион адам компьютер колдонуп калат. Азыр долбоордун авторлору программаны ишке ашырууга керек болгон 50 миллиондон 100 миллион долларга чейинки каражатты грант түрүндө алуунун жолдорун издеп жатышат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG