Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:20

Кыргызстан элинин курултайына 650 делегат катышат, ал эми айрым оппозиция өкүлдөрү аны мыйзамсыз деп баалап жатышат


БИШКЕК. 6-мартта Бишкекте өткөрүлө турган Кыргызстан элинин курултайына 1110 киши чакырылды. Ага өлкөнүн жер-жерлеринен шайланган 650 делегат жана ар түрдүү көз караштагы саясий партиялардын, бейөкмөт жана диний уюмдардын өкүлдөрү, Кыргызстандагы башка өлкөлөрдүн элчилери катышат. Мындан тышкары, курултайга оппозициячыл маанайдагы «Арнамыс», «Атамекен» партияларынын жетекчилери катышат. Бул тууралуу шаршемби күнү курултайды уюштуруу комитетинен кабарлашты. Ал эми ушул эле күнү «Арнамыс», «Атамекен» партияларынын жетекчилери курултайга катышпай тургандыгын маалымдашты. Буга чейин аталган курултайга Кыргызстандагы оппозициячыл маанайдагы бардык саясий партиялардын, коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышпай тургандыгын жарыялашкан.
Ал эми Кыргызстандагы Укук коргоо кыймылынын башчысы Турсунбек Акунов жана «Республика» партиясынын лидерлеринин бири Замира Сыдыкова шаршемби күнү өткөн жыйында бул курултайга карата өз пикирлерин айтышты. Алардын айтымында, аткаруу бийлиги тарабынан 6-мартта өткөрүлө турган Кыргызстан элинин курултайы мыйзамсыз жана аны «жалпы элдик курултай» деп атаган туура эмес. Анткени аталган курултайга республиканын жер-жерлеринен мыйзамдуу делегаттар шайланбай, жалаң жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана бийликти жактагандар адамдар чогулмак болду. З. Сыдыкова менен Т. Акуновдун пикири боюнча, «элдик курултай» деп аташ үчүн мындай иш-чарага өлкөдөгү бардык социалдык катмарлардын, анын ичинде оппозициянын да өкүлдөрү чакырылып, өлкөдөгү көйгөйлүү маселелер талкууга алынышы керек.
Аталган курултай республикадагы Кыргызстан элинин ассамблеясынын жана бир катар коомдук уюмдардын демилгеси менен өткөрүлмөкчү.

XS
SM
MD
LG