Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:14

Словакиянын президентинин Кыргызстандагы расмий иш сапары уланууда


БИШКЕК. 5-мартта Словакиянын президенти Рудольф Шустердин Кыргызстандагы расмий иш сапары уланды. Бул күнү эртең менен ал Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде болуп, окутуучулар жана студенттер менен жолугушту. Жолугушууда Рудольф Шустерге билим берүүдөгү интеграциялык процесстерге кошкон салымы үчүн «университеттин ардактуу профессору» деген наам ыйгарылды. Жолугушууга катышкан кыргыз президенти Аскар Акаев «бул наам эки өлкөнүн билим берүү тармагындагы кызматташуусун күчөтүүгө жакшы өбөлгө берет» деп билдирди. Рудольф Шустер жолугушуудан кийин туристтик жайлар менен таанышканы Ысыккөл облусуна жөнөп кетти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG