Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:03

Жалалабад шаарында элдик курултайга карата митинг болду


ЖАЛАЛАБАД. Митингде 6-мартта ачыла турган элдик курултайга колдоо билдирилди. Өлкө ынтымагына доо кетире турган мыйзамсыз саясий иш-чаралар айыпталды. Көп улуттардын ортосундагы ынтымакты, тынчтыкты сактоо чакырыктары айтылды. Аксакалдар күйгүзгөн отту шаардык спорт мектебинин директору Жеңишбек Жумалиев 2 шакирти менен митинг аянтынан Бишкекти көздөй алып жөнөштү. Коомдук уюмдар уюштурган митингге мэриянын маалыматында 2 миңдей, ал эми байкоочулардын эсебинде 400 адам катышты. Жөө күлүктөр чуркап өтүүчү Жалалабад–Бишкек жолунун узундугу - 570 чакырым.

XS
SM
MD
LG