Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:52

ИРАК КРИЗИСИ АРАБ ӨЛКӨЛӨРҮН ЭКИГЕ БӨЛДҮ


«Иракка каршы болжолдонуп жаткан согушту болтурбоо үчүн президент Саддам Хусейн эмне кылышы шарт?» деген суроо араб мамлекеттерин эки топко бөлдү. АКШлык жана британиялык күчтөрдүн аскерий базалары жайгашкан Перс булуңундагы мамлекеттер Саддам башка өлкөгө чыгып кетсин деген көз карашта. Бул сунушка булуңдагы өлкөлөрдүн кызматташуу кеңешине кирбеген араб мамлекеттери каршы.

Бириккен Араб Эмираты ишемби күнү Мисирде болгон Араб лигасынын саммитинде Ирак президенти Саддам Хусейн бийликтен кетсин жана өлкөдөн чыгып кетсин деген сунуш киргизди. Сунушту Бахрейн, Кувейт жана Катар колдогону менен жыйында каралбады. Буга чейин араб лидерлери Багдаддагы режим алмашуусу зарыл деп ачык маселе коюшкан эмес.

Ирак өкмөтү Эмираттын сунушун кыжырдана кабыл алды. Саддам, анын өз сөзү менен айтканда, “өлкөдөн чыгып кеткенден көрө өлгөндү артык көрөт.”

Сунушту жактаган Перс булуңундагы өлкөлөрдүн пикирине караганда, Саддам өлкөдөн чыгып кетсе, Ирактын мамлекеттик биримдиги сакталып, эли согуштан зыян тартмак эмес жана региондогу кырдаал стабилдүү абалында калмак. Эң маанилүүсү - Ирак режими өз тагдырын тыш өлкөлөрдүн басып кирүүсүсүз чечип алмак.

Араб лигасынын Генералдык секретары Амр Муса Эмираттын сунушун Ирактын ички ишине кийгилишүү деп баалады. Багдад Коопсуздук Кеңешинин 1441-резолюциясына ылайык, Улуттар Уюмунун аскерий инспекциясы менен кызматташып жаткандыктан, Ирак проблемасы тынчтык жолу менен жөндөлүшү керек,- деп айтты ал.

Катардын тышкы иштер министри Ал-Тахани Саддам өлкөдөн чыгып кетпесе, АКШ башындагы күчтөрдүн согушун токтотуп болбойт деген ишенимде.

- Регионго согуш пайда алып келет деген ойдон алысмын. Менин оюмча, согуш регионду бүлүндүрөт. Кандай масштабдагы согуш болбосун, ал регионго, өзгөчө, Перс булуңундагы өлкөлөргө таасир этерин биз жакшы билебиз. Биз ушундай негизден улам Ирак Улуттар Уюмунун резолюциясын аткаруусуна жетишүү жана аны тынчтык жолу менен жөндөө үчүн катуу аракет жасайбыз.

Сауд Арабиясы 1991-жылкы Перс булуңундагы согуш кезинде америкалык миңдеген аскерлерди өз жеринде жайгаштырган. Лекин эр-Рияд азыр АКШлык күчтөрдүн Сауд Арабиясы аркылуу Иракка кол салуусуна каршы жана Эмираттын сунушун да колдогон жок.
Лондондук эксперт Даниел Ниптин айтымында, Бириккен Араб Эмиратынын демилгеси кырдаалга көп таасир этпесе да, Перс булуңундагы өлкөлөр кеңеши үчүн мааниси чоң. Алар 10 жыл мурда тышкы саясатта Сауд Арабиясына карап иш жүргүзгөн болушса, азыр өз алдынча тышкы саясат жүргүзүүгө жарамдуу жана дипломатиялык жактан активдүү боло башташканын көрсөтүшүүдө.
Даниел Нип:

- Саясый жагдай азыр өтө олуттуу өзгөрдү жана Сауд Арабиясы азыр жалгыздап барат. Анын мурдакыдай таасири жок. Ошол эле учурда булуңдагы чакан өлкөлөрдүн таасири өсүүдө: алар Кошмо Штаттарын активдүү колдошуп, байланышын бекемдөөдө. Алар көз карандысыз саясат жүргүзүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар экенине ишенишүүдө. Ошентип, эл аралык кырдаалдын өзгөрүүсү менен чакан өлкөлөр тышкы саясый иштерде жагдайга карай өзү каалагандай саясат жүргүзүүгө мүмкүндүк алышты.

Д. Нип-Лондондогу Падышалыкты тейлөө институтунун талдоочусу.

Араб жана ислам өлкөлөрү арасында Ирак маселеси боюнча биримдик жок экенин Катардын борбору Дакада шаршемби күнү ачылган Ислам өлкөлөр конференциясы уюмунун бир күндүк кезексиз жыйыны да ачык көрсөттү. Жыйын бир бүтүмгө келери да күмөндүү. Биринчиден, жыйынга уюмга мүчө 57 өлкөнүн төрттөн биринин гана мамлекет башчылары келишкен.

Экинчиден, жыйын башталбай жатып, Ирактык жана Кувейттик делегация өз ара кыжыңдаша кетишти.

Ирактык делегациянын башчысы Иззат Ибрагим Кувейтти өз территориясын америкалык аскерлерге пайдаланууга бергени үчүн “империалисттер жана сионисттер менен кызматташууда” деп күнөөлөдү. Кувейттин жаш тышкы иштер министри Шейх Мохаммед Сабах ал-Сабах каяша сүйлөй, ирактыктарды “маймылдар” деп атаганга чейин барды.

XS
SM
MD
LG